«Кумтөр» иши: Экс-депутат Исхак Пирматов эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-июлда парламенттин экс-депутаты Исхак Пирматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту. Бул тууралуу маалыматты «Клоопко» райсоттун басма сөз кызматы тастыктады.

Райсоттон Пирматов Башкы прокуратуранын Башкармалыгынын улук прокурору менен кызматташуу тууралуу келишим түзгөнүн билдиришти.

Пирматовдун кармалышы

Экс-депутаты Исхак Пирматов «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча 31-майда УКМК тарабынан кармалган. Биринчи май райондук соту 2-июнда баш коргоо чарасын карап, 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырган.

Исхак Пирматовдун адвокаты Тимур Карабаевдин айтымында, Пирматовду 2012-жылы парламентте депутат болуп турганда «Кумтөрдү» улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорунун өтүшүнө жол бербей койгон деп шектеп жатышат. Ал мыйзам долбоору ошол учурда депутат болуп турган Садыр Жапаровго таандык болгон.

Кийинчерээк, 13-июлда бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары өз маалымат булактарына таянуу менен Пирматов УКМКнын абагынан «Бикард» жеке менчик клиникасына которулганын жазып чыгышкан.

«Кумтөр» боюнча сурак жана кармоолор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 17-майдагы кезексиз отурумунда Кумтөр кенине байланыштуу төрт иш сотко чейинки өндүрүшкө алынганын билдирген. Бир иш «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилигине байланыштуу, калган үч иш ошол маалда жооптуу кызматтарды ээлеген кишилердин кызматтык кылмыштары.

Кийинчерээк бир катар чуулуу сурактар, саясатчыларды жана депутаттарды кармоо жүргүзүлгөн: алар «Кумтөр» кенин казуу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип жатат. Негизинен, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, андан тышкары экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талантбек узакбаев кармалган.

Мындан тышкары, Кыргызстандын бозгун президенттери Курманбек Бакиев менен Аскар Акаевге издөө жарыяланган. Ошондой эле Бакиевдин уулу Максимге жана кенди иштетүү келишимдерине байланышы бар бир катар мурдагы аткаминерлерге издөө жарыяланган.

«Кумтөр» иши боюнча экс-премьер-министр Темир Сариев, парламенттин экс-спикери Дастан Жумабеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана Рыскелди Момбеков дагы УКМКга сурак берип чыгышкан.