Ташиев: Кумтөргө байланыштуу төрт кылмыш иши тергелип жатат

Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 17-майдагы кезексиз отурумунда Кумтөр кенине байланыштуу төрт иш сотко чейинки өндүрүшкө алынганын билдирди.

«Бул жерде бир иш “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жетекчилигине байланыштуу, калган үч иш ошол маалда жооптуу кызматтарды ээлеген кишилердин кызматтык кылмыштары. Ал жерде бир нече мурдагы премьер-министр жана депутаттар бар. Жадагалса бизде Кумтөрдөн финансылык жардам алган депутаттар тууралуу материалдар бар», — деди Ташиев.

Биринчи кылмыш иши экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиевге байланыштуу. УКМК Абылгазиевди 26-январда «Коррупцияга» шектеп кармаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, экс-премьер «Кумтор Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берген токтомго кол койгон. Жыйынтыгында Кумтөр алтын кенинин аянты эки эсеге көбөйүп, 26,3 миң гектарга жеткен. Ал аянтка мөңгүлөр менен корук жерлер дагы кирип калган.

Экинчи кылмыш иши Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук администрация жана «Кадастр» мамлекеттик ишканасына карата козголгон. Ташиевдин айтымында, райондук администрация 2018-жылы 18-августта айыл-чарба багытындагы 24 178,2 гектар жерди «Кумтөр Голд Компаниге» пайдаланууга берген. Кийинчерээк, 2019-жылдын 20-февралында «Кадастр» алтын өндүрүүчү компанияга 26 400 гектар жерди убактылуу пайдаланууга берген.

УКМКнын башчысы жергиликтүү бийликтин аракеттеринен улам айыл чарба жоготууларынын жана алынбай калган пайданын өлчөмү 390 млн 977 миң сом түзгөнүн билдирди. Бул иш «Коррупция» беренеси менен тергелүүдө.

Үчүнчү кылмыш иши Мамлекеттик салык кызматынын жана Социалдык фонддун кызматкерлерине байланыштуу. Алар «Кумтөр Голд Компани» менен «мыйзамга каршы келген байланыш түзүп», анын натыйжасында ишкана салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн толук төлөбөй келген.

Мындан улам мамлекетке 9,9 млрд сом салык жана 1,5 млрд сом камсыздандыруу төлөмдөрү түшпөй калган. Бул иш өткөн жылдын октябрь айында Каржы полициясы тарабынан козголгон — УКМК аны «Коррупция» беренеси менен тергеп жатат.

Төртүнчү сотко чейинки өндүрүш «Экологиялык коркунучтуу заттарды жана таштандыларды чыгаруу эрежелерин бузуу», «Сууларды булгоо», «Атмосфераны булгоо», «Жерди бузуу», «Экологиялык эрежелерди бузуунун кесепеттерин жоюу боюнча чара көрбөө» жана «Жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу» беренелери менен жүрүүдө.

*Ташиев айткан беренелер Кылмыш-жаза кодексинде көрсөтүлгөн — ал 2019-жылы күчүн жоготкон. Бул мыйзам бузуулар жаңы Жазык кодексинде башка беренелер менен көрсөтүлгөн.

«Бул мыйзам бузуулар калдыктарды мөңгүлөрдө калтыруу жана мөңгүлөрдүн технологиялык жок кылууга, ошондой эле Кумтөр дарыясынын бассейниндеги суулардын такай жана көп мөөнөттө булгоосуна байланыштуу. Бул иш боюнча негизинен “Кумтөр Голд Компанинин” ошол убактагы жетекчилиги жоопкерчиликке тартылат», — деди Ташиев.