Активист Тилекмат Күрөңов ИИМдин 10-башкармалыгы кармап кетүүгө аракет кылганын билдирди

Активист Тилекмат Күрөңов 12-августта кечки саат 22:20да ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкерлери аны кармап кетүүгө аракет кылганын билдирди. Бул тууралуу ал фейсбуктагы барагына жазып, окуянын видеосун чыгарды.

Активисттин маалыматына ылайык, аны 10дон ашык опер кызматкери 4 машина менен үйүнөн келип эч себепсиз кармап кетүүгө аракет кылган.

«Достор Бакиевдердин заманы келиптир. Жанымда досторум болбогондо кармап кетишмек экен [...] Мен үй камагынын режимин бир мүнөткө дагы бузган жокмун. Бузган эмесмин. Бирок өзүңдүн далилиң болбосо негиз жок эле "үй камагын" бузду деген шылтоо менен камап коюшмак экен», — деп жазат ал фейсбук барагында.

«Клооптун» кабарчысы ИИМдин басма сөз кызматына байланышып, активисттин билдирүүсү боюнча сурады. Ведомсвтонун басма сөз кызматы «маалыматты тактап жатабыз» деген жооп узатты

Буга чейин активист артынан катталбаган номер тагып жүргөн унаа аңдып жүргөнүн жана Фейсбук барагына чабуул башталганын билдирген. Күрөңов фейсбукта жазган айрым посттору өчүрүлүп баштаганын дагы кошумчалаган

Тилекмат Күрөңовдун фейсбук барагынан скриншот 
Тилекмат Күрөңовдун фейсбук барагынан скриншот

«Катталбаган номер менен артыман аңдып жүрөт. Качан кармап кетет билбейм. Коркпогула, коркпойбуз, акыры акыйкат орнойт. Башты сайганбыз. Достор менен Фейсбугума чабуул башталды, айрым постторум өчүп жатат», — деп жазган ал Фейсбук барагына.

Тилекмат Күрөңов деген ким?

Тилекмат Күрөңов — жарандык активист. 2020-жылы жайында ал тарапташтары менен парламенттик шайлоону жылдырып, «ишке жарабаган» өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылып чыккан.

Мындан тышкары, 2020-жылдын декабрында ал Жетим-Тоо кенин коргоо кыймылын түзүп, анын башында турган.

Ал ошондой эле, 9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы өткөн тынчтык митингин алып барган.

Тилекмат Күрөңовдү 15-мартта милиция кызматкерлери «социалдык тармактарда жарыялаган билдирүүлөрү үчүн» кармалган. Бишкек ШИИББдин версиясы боюнча, активист «бийликти күч менен басып алууга жана массалык баш аламандыктарга ачык чакырык жасаган».

«Ханституцияга каршы» кыймылынын мүчөсү Тилекмат Күрөңов кармалгандан кийин анын үйү менен кеңсесинде тинтүү жүргөн. 17-мартта Свердлов райондук соту активистти Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына бир айга киргизүү чечимин чыгарган.

Ал эми 2021-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаардык соту активист Тилекмат Күрөңовдун бөгөт чарасын өзгөртүп, ал тергөө абагынан үй камагына чыгарылган. Күрөңовго «Бийликти басып алууга аракет кылуу» беренеси боюнча айып тагылган.