Жапаров акимдерге унаа алуу үчүн 60 млн сомдук тендерди жокко чыгарууну тапшырды

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров 60 млн сомго район акимдерине унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 13-августта билдирди.

«Бул чечим өлкөнүн экономикалык оор абалын, ошондой эле аталган маселе боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен жана бюджеттин өтө зарыл болбогон чыгымдарын азайтуу үчүн кабыл алынды», — деди Султанбаев.

Буга чейин, 11-августта, президенттин иш башкармалыгы район акимдерине 40 унаа сатып алууга тендер жарыялаган. Алардын ар бирине 1,5 млн сом каралган.

Тендерде унаалар ак түстө, 2021-жылы чыккан жана жүгүрө элек, ошондой эле төрт дөңгөлөгү бирдей тарткан болушу керек деген шарт коюлган.

Башкармалыктан автопаркты жаңылоо чечими «бийликтин вертикалын чыңдоо жана акимдердин макамын жогорулатуу» максатында кабыл алынган деп түшүндүрүшкөн. Ошондой эле ведомстводон акимдер үчүн акыркы жолу кызматтык унаалар 13-15 жыл мурда сатып алынганын, алардын эскилиги жеткенин белгилешкен.

Бул тендер тууралуу маалымат ЖМКга жарыялагандан кийин соцтармактардын колдонуучулары кескин сынга алышкан.

Айрым колдонуучулар өнүккөн мамлекеттерди мисал катары келтирип, алардын аткаминерлери «эконом-класстагы унааларды минет» же «коомдук транспорттордо жүрөт» деп жазышкан. Башкалар болсо район акимдеринин жеке транспорту бар экенин, бул каражаттарды Баткен облусун өнүктүрүүгө жумшаса туура болот деген пикирлерин жазышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Район акимдерине ар бири 1,5 млн сом турган 40 унаа алынат — Президенттин иш башкармалыгы