Район акимдерине ар бири 1,5 млн сом турган 40 унаа алынат — Президенттин иш башкармалыгы

Иллюстративдик сүрөт

Президенттин иш башкармалыгы 11-августта Мамлекеттик сатып алуулар порталында 40 унаа сатып алууга тендер жарыялады. Унааларды сатып алууга 60 млн сом каралган.

Тендерде унаалар 2021-жылы чыгарылган жана жүгүрө элек, ошондой эле төрт дөңгөлөгү тең тарткан болушу керек деген шарт коюлган. Мындан сырткары, унаалардын түсү ак болушу керек.

Ар бир унаага 1,5 млн сомдон каралаган. Ал эми конкурс 1-сентябрга чейин уланат.

Президенттин иш башкармалыгы автоунаалар район акимдерине берилээрин айтат. Иш башкармалык акимдер үчүн акыркы жолу кызматтык унаалар 13-15 жыл мурда сатып алынганын, алардын эскилиги жеткенин белгиледи.

«Алар моралдык жана техникалык жактан эскилиги жеткенине көп жыл болду. Бүгүнкү күндө алардын көпчүлүгү дайыма оңдоп турууну жана республикалык бюджеттен чыгымдарды талап кылууда», — деп билдиришти башкармалыктан.

Ошондой эле ведомство автопаркты жаңылоо чечими «бийликтин вертикалын чыңдоо жана акимдердин макамын жогорулатуу» максатында кабыл алынган деп түшүндүрдү.

Акимдерге кол тийбестик берүү сунушу

Буга чейин президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү» мыйзам долбоорун сунуштаган. Анда район акимдерин дайындоо жана кызматтан алуу укугун президентке өткөрүп берүү көрсөтүлгөн.

Ошондой эле долбоордо район акимдери кол тийбестик укукка ээ болуп, кылмыш жасап жаткан жеринде гана кармалбаса башка учурда президенттин гана макулдугу менен жоопко тартылаары каралган.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары бул документти жана аны менен бирге сунушталган «Министрлер кабинети жөнүндө», Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзам долбоорлорун сынга алышкан.

«Азыркы болуп жаткан кош бийликти же таасирди талашууну мыйзамга жазып атышат. УКМК азыр каалаган министрин, каалаган акимин камап жатат. Бул мыйзамда президент “УКМК эми менин уруксатымсыз камай албайт” деп атат. Керек болсо акимдер президенттин уруксаты менен гана камалат экен. Эмне президент ууру министрдин, ууру акимдин, баарынын жоопкерчилигин өзүнө алабы?» — деп суроо салган Жанар Акаев.

Жапаров сунуштаган мыйзам долбоорлор кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарылган. Анткен менен кийинки отурумда мыйзам долбоорунун мазмуну өзгөртүлбөй келгенине карабастан, Жогорку Кеңеш аларды биринчи окууда жактырган.