МСК банктык купуяны ачыктоого жол ачкан түзөтүүлөр тууралуу үн катты

Мамлекеттик салык кызматы ЖМКларда мекеме Салык кодексинин жаңы редакциясында банктык купуяны сот чечими жок эле ачыктоону сунуштап жатат деп жазылган маалыматка карата үн катты.

Салык кызматынан кодекстин долбоору азыр жумушчу топ тарабынан каралып жатканын жана анын иши азыр жыйынтыктала электигин белгилешти. Долбоор өзү да коомдук талкууга чыга элек, дагы деле иштелип жатат.

«Коомдук талкууга ченемдик укуктук актынын киргизилген сунуштарды эске алуу менен жеткире иштелип чыккан варианты гана чыгарыла тургандыктан, бул тема боюнча ар кандай маалыматтарды жайылтуу эрте болуп саналат», — деп билдиришти салык кызматынан.

Ведомство колдонуудагы мыйзамдарда салык кызматынын банктар менен маалымат алмашуусу боюнча тартиби каралган жана салык органдары тарабынан өз милдеттерин аткарууда толук колдонулат деп кошумчалашты.

Мындан тышкары, аталган жумушчу топко мамлекеттик органдар менен көз карандысыз эксперттер менен кошо бизнес коомчулуктун өкүлдөрү, анын ичинде банк секторунун кызматкерлери тартылган.

«Аталган долбоордун алкагында каралып жаткан иш аракеттердин жаңы тартибин киргизүү конкреттүү механизмдерди орнотуу жана процесстерди автоматташтыруу жолу менен жакшыртууга багытталган», — деп билдирет салык кызматы.

Тема боюнча: Эми кардардын банктык маалыматы купуя болбойт. Салык кодексине түзөтүү сунушталды

Буга чейин Улуттук банк ушундай эле билдирүү тараткан. Economist.kg басылмасына Мамлекеттик салык кызматынын Салык кодексине кардарлардын банктык маалыматтарын соттун чечими жок эле алуу жөнүндө өзгөртүүлөрүнө комментерий берип жатып, Улуттук банк бул сунушту талкуулоого али эрте экенин айткан. Ошондой эле алар, бул сунуш жаңы редакцияланып жаткан кодекстин алкагында киргизилгенин кошумчалаган.

«Учурда ведомстволор аралык жумушчу топтун бардык мүчөлөрүнүн сунуштарын чогултуу жана изилдөө иштери жүрүп жатат. Жумуштар аяктагандан кийин ведомстволор аралык жумушчу топ Салык кодексинин жаңы редакциясынын акыркы долбоорун мыйзамда белгиленген тартипте сунуштоого жана бекитүүгө даярдайт», — деп түшүндүрүшкөн Улуттук банктан.

Жаңы Салык кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталып жатканы 17-августта белгилүү болгон. Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексине кардарлардын банктык купуясын ачыктоого жол ачкан түзөтүүлөрдү сунуштаганы айтылган.

Кеп тийиштүү окуядан кийин үч жумушчу күндүн ичинде эсептерди ачуу же жабуу, салымдар, эсептердин ревизиттеринин өзгөртүлүшү жана салык төлөөчүлөрдүн салымы тууралуу маалыматты берүү тууралуу болууда.

Пайдалануудагы Кодекске ылайык, салык кызматы бул маалыматты сот чечиминен кийин гана ала алат. Мекеме аны сот чечими жок эле алууну сунуштоодо.