ИИМ бизнести текшере ала турган органдардын тизмесинен чыгарылды

Экономика жана финансы министрлиги «Бизнести текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу жөнүндөгү» токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ведомстволордун тизмесинен ИИМ чыгарылганын белгилүү болду.

Буга чейин Экономика жана финансы министрлигинин башчысы Акылбек Жапаров аймактык тескөөчүлөргө ишкерлерди текшерүүгө укук берген демилгени көтөргөн. Андан соң министр ИИМге Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте аймактык тескөөчүлөргө экономика тармагындагы бузууларды: лицензия, уруксат кагазы ж.б — аныктоого жана алдын алууга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө документтерди даярдоону тапшырган.

Жапаровдун демилгеси чуу жараткан. Ага Антикоррупциялык ишкердик кеңешинен комментарий берип, бул коррупция үчүн жаңы жолдорду ачат деп билдиришкен. Кеңештин башкатчысы Нуруйпа Муканованын айтымында, аймактык тескөөчү бизнести көзөмөлдөгөндүн ордуна өзүнө ишенип берилген аймакта коомдук коопсуздукту камсыздашы керек.

Муканова экономика министринин айткандары президент Жапаровдун «коррупцияга каршы аракеттенүүдө бийлик менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкерлерди коргоо жана колдоо механизмдерин өнүктүрүү» аракетине каршы келип жатканын кошумчалаган.

Кийин президент Садыр Жапаров өзү да экномфиндин сунушуна үн катып, ички иштер органдарынын кызматкерлери «ишкерлик субъектилеринин ишмердигине эч кандай кийлигишпеши керектигин» билдирген.

Экономфин сунуштаган тизме кандай?

Ведомство сунуштаган жаңы тизмеге ишкерлерди текшерүүгө ыйгарым укук берүү сунушталган 17 ар түрдүү министрлик кирген.

Тизмеге кирди:

  • экономика жана финансы министрлиги;
  • энергетика жана өнөр-жай министрлиги;
  • саламаттык сактоо министрлиги;
  • Айыл чарба, токой жана суу чарба министрлиги;
  • ӨКМ;
  • транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
  • Экология жана климат боюнча мамкомитет;
  • Архитектура курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамагенттиги.