Ошто инфекциялык оорукана сегиз ай кечигүү менен пайдаланууга берилди

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы 100 орундук имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы 19-апрелде кабарлады.

Жаңы оорукананын ачылыш аземине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана вице-мэр Эмил Шадыханов катышты.

«100 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушу бир жыл ичинде курулуп бүттү. Ал эми оорукананын эски имараты толук кандуу капиталдык ремонттон өттү. Жалпысынан шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы 280 бейтапка ылайыкташтырылган», — деп билдиришти мэриядан.

Курулушу кечиккен оорукана

2020-жылдын июль айында мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек жана Ош шаарында 100 койка орунга ылайыкталган эки жаңы оорукананын курула турганын билдирген. Ошондой эле Боронов ооруканаларды 25-августка чейин бүтүрүү тапшырмасын берген. Анткени коронавирус кескин жайылып, ооруканаларда орундар жетишсиз болгон.

Эки оорукана жеңил конструкциядан жасалып, алардын курулуш-монтаждык иштерине 62,5 млн сом каралган. Оштогу жаңы оорукана 25-июлда курулуп баштаган.

Анткен менен оорукана убадаланган мөөнөттө курулуп бүткөн эмес. Кийинчерээк экс-президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз кызматы оорукана октябрда пайдаланууга бериле турганын, кийинчерээк Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов ал бейтаптарды ноябрда кабыл алып баштай турганын билдирген. Бирок оорукана октябрда да, ноябрда да бейтаптарды кабыл алган жок.

Бул тапта Бишкектеги 100 орундук оорукана ачылган. Анын курулушуна жана анын ичине орнотула турган бардык тийиштүү жабдуулар үчүн 77,5 млн сом сарпталган.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду каржылоону токтотуп койгонуна байланыштуу курулуш аягына чыкпай жатканын билдирген. Анткен менен фонд бул маалыматты төгүндөп, каржылоо өз убагында жана толук өлчөмдө аткарылганын маалымдаган.

Ал эми мартта курулуш иштерин жандандыруу үчүн каржылоо маселеси чечиле баштаган.