Сузактыктар ашар жолу менен эски жатакананы 304 орундук ооруканага айлантууда

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ленин айыл аймагындагы №36 кесиптик лицейдин жатаканасы инфекциялык ооруканага айланат. Эски имарат жергиликтүү бийлик, жеке ишкерлер жана ыктыярчылардын демилгеси менен капиталдык оңдоодон өткөрүлө баштады.

Posted by Бакыт Молдожанов on Sunday, July 26, 2020

Жарандык активист Бакыт Молдожановдун айтымында, оңдоо иштерине 10 млн сом керектелет. Ал эми оорукана 304 орунга ылайыкташтырылат — анын ичинде 20 орун реанимация бөлүмүндө болот.

«Бул имаратты мамлекет бөлүп берген, ал Билим берүү жана илим министрлигине караштуу. Учурда ашар ыкмасы менен оңдоо иштери жүрүүдө», — деп билдирди Молдожанов «Клоопко».

Беш кабатуу имарат бир нече секцияга бөлүнүп, аларды оңдоо жоопкерчилиги Сузак районунун ар бир айыл өкмөтүнө жүктөлгөн. Оорукана ноябрда пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.

Сузак районунун акими Эрмек Омошев «Азаттыкка» билдиргендей, оңдоп-түзөтүү иштерине мамлекеттик бюджеттен каражат каралган эмес.

«Сузак жана Октябрь аймактык ооруканалары бар. Ал жерде инфекциялык бөлүмдөрү болгону менен ал жерде 20-30 койка [орун] гана бар», — деп билдирген аким.

Оңдолуп жаткан имаратка аталган эки оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмдөрү көчүрүлөт деп кошумчалады Омошев.

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек жана Ош шаарларына 100 орундук эки оорукана салынаарын, ал эми калган аймактарда «бош» имараттар ооруканага айланат деп билдирген.

Бишкек жана Ош шаарларындагы жаңы жугуштуу оорулар ооруканаларынын курулуш иштери 25-июлда башталды. Алар бир айдан кийин ишке берилет деп күтүлүүдө.