Тилекмат Күрөңов: Камчыбек Ташиев мени камагыла деп тапшырма берген

Активист Тилекмат Күрөңов Бишкектин Свердлов райондук соту аны УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин «тапшырмасы менен эркиндигинен ажыратты» деп билдирди. Анын видео кайрылуусу сот отурумуна чейин жазылып, Күрөңов камакка алынгандан кийин жарыяланды.

«Достор, биз акыйкат үчүн күрөшө беребиз. Биз өзүбүздүн эркиндигибизди эмес, өмүрүбүздү дагы байлап койгонбуз. Мына канча күндөн бери ар кандай чалуулар болот, коркутуулар болот, эскертүүлөр болот. Ишенесиңерби, күнүгө эртең менен үй-бүлөм менен коштошуп чыгам. Биз ушундай өлкөдө жашап калдык. Кайра келемби же келбейминби белгисиз. Ошондуктан достор, акыйкаттуулуктан тайбагыла», — деген ал.

Мындан сырткары активист абакта кармалганда өмүрүнө кол салбай турганын белгиледи. Ошондой эле 5-октябрь күнү башкалар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жаткнада, Ташиев ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен «соодалашууга барган» деп билдирди.

«“Мен сени президент кылдым, төңкөрүштү мен жасадым” деп милдет кылган Камчыбек Ташиев Сооронбай Шариповичтин кабинетинде соодалашып отурган. “Мен депутат боюн. Садыр чыкпаса койсун” деген. “Ак үйдү ала албайбыз” деп үйүнө качып кеткенде, биз болсо үйүнө барып Ташиевге Ак үйдү алдык дегенбиз. Ал болсо машинесине отуруп Жалал-Абаддагы үйүнө качууга даярданып аткан. Ак үйдү басып алганыбызды, бийлик кулаганды билгенде түз эле Молдовановкадагы түрмөгө жетип барган. Мындай чоң кызмат мындай адамдын колунда болбошу керек», — деди ал.

*2020-жылдын 5-октябрында бир күн мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган масштабдуу митинг өткөн. 6-октябрга караган түнү Ак үй басып алынып, ошол күнү абактагы саясатчылар да бошотулган. Алардын арасында учурдагы президент Садыр Жапаров да бар.

Бишкектин Свердлов райондук соту активист Тилекмат Күрөңовду 20-августта бир жарым жылга камака алуу өкүмүн чыгарды. Ал «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар», «Шайлоочуларды сатып алуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

«Бүгүн мени камакка алышты. [Сот] менин баш коргоо чарамды өзгөртүп, мурдагы айыптоолор боюнча күнөөлүү деп тапты. Эч ким сынбасын, акыйкат жакында орнойт», — деп билдирди Тилекмат Күрөңов соттун чечими чыккандан кийин коомчулукка жасаган кайрылуусунда.

Тилекмат Күрөңов деген ким?

Тилекмат Күрөңов — жарандык активист. Ал октябрдан кийин келген бийликтин аракетин сындап келет.

2020-жылы жайында ал тарапташтары менен парламенттик шайлоону жылдырып, «ишке жарабаган» өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылып чыккан. Мындан тышкары, декабрда ал Жетим-Тоо кенин коргоо кыймылын түзүп, анын башында турган.

Ал ошондой эле, 9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы өткөн тынчтык митингин алып барган.

Тилекмат Күрөңовдү 15-мартта милиция кызматкерлери «социалдык тармактарда жарыялаган билдирүүлөрү үчүн» кармалган. Бишкек ШИИББдин версиясы боюнча, активист «бийликти күч менен басып алууга жана массалык баш аламандыктарга ачык чакырык жасаган».

«Ханституцияга каршы» кыймылынын мүчөсү Тилекмат Күрөңов кармалгандан кийин анын үйү менен кеңсесинде тинтүү жүргөн. 17-мартта Свердлов райондук соту активистти Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына бир айга киргизүү чечимин чыгарган.

Ал эми 21-апрелде Башкы прокурор Курманкул Зулушев Күрөңовго «шайлоочуларды сатып алуу» боюнча дагы бир айып тагылганын билдирген.

Бишкек шаардык соту 26-апрелде Күрөңовдун бөгөт чарасын өзгөртүп, ал тергөө абагынан үй камагына чыгарылган болчу.

Тема боюнча:

Активист Тилекмат Күрөңов ИИМдин 10-башкармалыгы кармап кетүүгө аракет кылганын билдирди

Башкы прокурор: Тилекмат Күрөңов шайлоочуларды сатып алууга да айыпталууда