Башкы прокурор: Тилекмат Күрөңов шайлоочуларды сатып алууга да айыпталууда

Башкы прокурор Курманкул Зулушев жарандык активист Тилекмат Күрөңовго карата шайлоочуларды сатып алуу боюнча дагы айып тагылып, учурда тергелип жатканын билдирди.

21-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин жалпы жыйынында Башкы прокуратуранын 2020-жылы жасаган иштери боюнча отчёт берди.

Зулушев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Тилекмат Күрөңовдун социалдык тармакта жазган билдирүүсү боюнча лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын да айтты.

«Анда бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар жана массалык баш аламандыктарга чыгууга үндөө бар экени аныкталган. Экспертизанын жыйынтыгы менен иш тергелип жатат. Мындан сарткары мурунку шайлоодо [2020-жылдагы парламенттик шайлоо] Нарын облусунун Кочкор районунда акча каражатын тараткан фактылары аныкталып, 192-берененин 1-бөлүмү — шайлоочуларды сатып алуу боюнча КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат», — деди Зулушев.

Ал ошондой эле, Күрөңовго коюлуп жаткан айыптардын негиздүүлүгүнө прокуратура көз салып, көзөмөлгө алат деп ишендирди.

Буга чейин саясатчы, «Замандаш» партиясынын мурдагы жетекчиси Жеңиш Молдокматов Тилекмат Күрөңовго добуш сатып алуу боюнча дагы айып коюлганы жатканын «Клоопко» билдирген болчу.

Тилекмат Күрөңовдун иши

Тилекмат Күрөңов 15-мартта милиция тарабынан кармалган. Бишкек ШИИБ билдиргендей, ал социалдык тармактарда жарыялаган билдирүүлөрү үчүн кармалган, бул жарыяларда «бийликти күч менен басып алууга жана массалык баш аламандыктарга ачык чакырыктар» байкалган. Алгач иш Сверддов райондук сотунда каралып, кийин Бишкек шаардык соту дагы карап, активист Тилекмат Күрөңовду 15-апрелге чейин абакта калтырган.

Күрөңов бир нече ирет митингге чыккан. 2020-жылы жайында ал тарапташтары менен парламенттик шайлоону жылдырып, «ишке жарабаган» өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылып чыккан.

Мындан тышкары, 2020-жылдын декабрында ал Жетим-Тоо кенин коргоо кыймылын түзүп, анын башында турган.

Ал ошондой эле, 9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы өткөн тынчтык митингин алып барган.

ТЕМА БОЮНЧА

Бири камакта, экинчиси дайынсыз. Активисттерге «аңчылык» башталдыбы?

Кармалган активисттин атасы: «Президенттин адамдары кызмат жана акча сунуштады»