Сурамжылоо: Садыр Жапаровдун рейтинги түшө баштады

Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандын саясий, экономикалык жана социалдык абалы тууралуу кеңири сурамжылоосунун жыйынтыктарын чыгарды. Сурамжылоо 2021-жылдын июлунда жүргүзүлгөн, ага бардык өлкө аймактарынан жашы 18ден жогору 1211 кыргызстандык катышкан.

Сурамжылоо кыргызстандыктардын саясий каалоолоруна дагы байланыштуу болгон — алар саясатчыларга же коомдук ишмерлерге болгон ишеними тууралуу оюн билдириши зарыл болгон. Сурамжылоодо бир же бир нече фаворитти тандоого да мүмкүндүк берилген.

Өткөн жолу IRI ушундай эле сурамжылоону 2021-жылдын мартынын башынан февралдын аягына чейин жүргүзгөн. Бул убакыт аралыгында, сурамжылоого таянып айтсак, президент Садыр Жапаровго ишенгендер азайган. Мындан тышкары, сурамжылоого катышкан кыргызстандыктар ишенген жаңы жүздөр да пайда болгон.

IRI’нин 2021-жылдын февраль-марттагы сурамжылоосунун жыйынтыгынын скриншоту.

Демек, 2021-жылдын 25-февралынан 5-мартка чейин жүргүзүлгөн сурамжылоодо Садыр Жапаровго жооп бергендердин 38% ишенген, «Эч кимге» деген варианты үчүн — 27% адам жооп берген.

Сурамжылоого катышкандардын дагы 21%ы Камчыбек Ташиевге, 13%ы жоопто сунушталбаган саясатчылар менен коомдук ишмерлерге ишеним арткан.

Анда алдыңкы бештикке президентке караштуу диний маданиятты өнүктүрүү боюнча «Ыйман» фондусунун экс-башчысы, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин мурдагы жетекчиси жана «Ыйман Нуру» партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков илинген. Ага сурамжылоого жооп бергендердин 10%ы ишеним арткан.

IRI’нин сурамжылоо жүргүзгөн эки убакыт аралыгында кыргыз-тажик чек арасында Кыргызстандын эгемен тарыхындагы эң кандуу кагылышуу жана башка бир катар социалдык-экономикалык жана саясий толкундоолор болуп өттү. Бул элдин ишеним рейтингине таасир этпей койгон эмес — эми президентке сурамжылоого катышкандардын мурдагыдай 38%ы эмес, 32%ы ишенет.

Ал эми УКМКнын башчысы Ташиев тууралуу айтсак, ага карата ишеним өскөн — ага сурамжылоонун 24% катышуучусу ишене баштаган. Эч кимге ишенбегендер эми 24%ды түзөт.

Жооп бергендердин дагы 18%ы сурамжылоодо сунушталбаган саясатчылар менен коомдук ишмерлерге ишенээрин айтышкан. Алар өзүнчө жадыбалга чыгарылган эмес, себеп дегенде ал адамдар 1%га жетпеген добуш топтогон.

Кыргызстандын ишеним жараткан адамдарынын алдыңкы бештигинде дагы деле Нуржигит Кадырбеков турат. Бирок чындыгында, анын рейтинги 10%дан 9%га чейин түшкөн.