Ош шаарынын мэрин шайлоо күнү. Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

26-августта Ош шаарынын мэрин шайлоодон кийин шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэрлер жана мэриянын кызматкерлери шаардагы «ИЗЮМ» ресторанында сый тамакка чогулушту. Эки депутат «чайды» жаңы мэр Алмаз Мамбетов уюштурганын тастыктады.

Журналист Даткабек Шабданбеков ресторандан түз эфирге чыгып, «эл өкүлдөрү добушту ушундай сый тамакка, жылкынын этине алмаштырып жатабы» деп суроо салды.

«Бизге жеткен маалыматтар боюнча жылкы союлуп, дасторкон жайылыптыр. Чайды жаңы дайындалган мэр берип жатыптыр. Негизи түштүк жергесинде маселенин баары чай үстүндө сүйлөшүлүп, “чай ичели” дегенден кийин бүтөт», — деген журналист.

Видеодон ресторандын алдында ошол күнү мэрлик кызматка шайланган Алмаз Мамбетовдун кызматтык унаасы турганын көрүүгө болот. Бирок журналист ресторанга киргенде ал өзү байкалган жок. Анткен менен журналисттин айтымында, депутаттар, вице-мэрлер — анын ичинде Жасур Азимов — жана мэриянын кызматкерлери отурганын көргөн.

Алгач эле Шабданбеков мэриянын аппарат башчысы Жалил Осмоновго «жаңы мэр чай ушутуруп жатабы» деген суроо узатты. Осмонов «чай» Кыргызстандын 30 жылдыгына карата уюштурулганын айтты. Бирок шаардык казынанын эсебинен уюштурулуп жатабы деген суроого так жооп бере алган жок.

Ал эми депутат Нурбек Исмаилов эл өкүлдөрү сессиядан кийин «чай» ичип жаткандыгын айтып, «ар ким өзүбүздүн акчабызга чай ичип отурабыз. Эч кандай саясат жок. Мэрден чай жок бул жерде» деп жооп берди. Ал эми дагы бир депутат Канжарбек Мамашов* туулган күнүн өткөрүп жатканын айтып, сый тамакка келгенин четке какты.

*Мамашов чынында 26-августта туулган. Бул маалыматты БШКнын сайтынан тастыктадык.

Андан соң ресторандын кызматкерлери келип журналист менен операторго имараттан чыгууну талап кылышты. Мунун себебин «ИЗЮМ» жеке менчик жай деп негиздешти. Ошондой эле алардын бири «тартпай эле койгула», «менин дагы байланыштырым бар» деп коркутууга аракет кылды.

«Мен кирип кетейин ичине. Бул жер коомдук жай да, менин тартканга укугум бар. Сиз менин укугуму тебелеп жатасыз [...]», — деп журналисттин айтканына карабай ресторандын эшигин тосуп тургандар киргизген жок.

Мэрия эмне дейт?

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан Алмаз Мамбетов «ИЗЮМ» ресторанында «болгон эмес» деп билдиришти. Ал эми мэрдин кызматтык унаасы «ИЗЮМдун» жанында токтоп турганынын себебин төмөнкүчө түшүндүрүштү.

«Вице-мэр Жасур Азимовдун кызматтык унаасы ошол жерде кырсыкка учураган — аны Honda Fit сүзгөн. Кийинчерээк ал мэрдин айдоочусун жардамга чакырып, ал “ИЗЮМдун” алдында токтогон. [Вице-мэрдин] айдоочусу андан инструменттерин сурап турган», — дешти басма сөз кызматтан.

Сүрөт: «Клооп»

Анткен менен «Клооптун» журналисттери Шабданбековдун түз эфиринен кийин «ИЗЮМ» ресторанына жана Ош мэриясына барышкан. Ресторандын администарциясы 10го жакын кишини эшиктин астына тизип койгонуна күбө болдук. Кийин кызматкерлердин бири алар күзөтчү экенин айтып, бизди да ресторанга киргизүүдөн баш тартты.

Андан соң мэрияга барганыбызда мэрдин, вице-мэрдин жана аппарат башчынын кызматтык унаалары унаа токтотуучу жайда турганына күбө болдук. Алмаз Мамбетовдун айдоочусунан ал кайда экенин сураганыбызда «кабинетинде» деп жооп берди. Мэриянын күзөтчүсү болсо жаңы калаа башчы бир саат мурда эле иштен кеткенин айтты.

Алмаз Мамбетов. Сүрөт: Ош шаардык кеңеши
Хулькар Исамова. Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Депутаттар эмне дейт?

«Клооптун» журналисттери шаардык кеңештин бир нече депутаттары менен байланышып, ресторанда эмне өткөнүн жана кимдер тарабынан чакырылышканын сурады.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутат болгон Хулькар Исамова «ИЗЮМ» ресторанына депутат Канжар Мамашовдун туулган күнүнө барганын билдирди.

Абдыжапар Аккулов. Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Ал эми «Улуттар Биримдиги» партиясынан депутат болгон Абдыжапар Аккулов жаңы шайланган мэр чай уюштурганын тастыктады. Анын айтымында, дасторкон үстүндө бөлүнүүнү токтотуп, шаардын өнүгүшү үчүн гана аракет кылуу тууралуу сөз болгон.

«Мэр кичине сый тамак уюштуруп чакырган экен депутаттарды, ошого барганбыз. Аралашып эле жүрүшкөнБашы нормальный эле болчу. Аны эмне жашырып атышат? Мен башында барып, анан “Ынтымак” телеканалына дебатка чыгып кеткен элем», — деди Аккулов.

Ошол эле учурда «Биздин Кыргызстан» партиясынан депутат болгон Нуркыз Кадырбек кызы да Аккуловдун сөздөрүн ырастады. Анын айтымында, ал мэрдин жардамчысынан сураганда «Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык чай» деп жооп берген.

«Мен бардым, эч кандай куттуктоо, ыраазычылык сөздөр болгон жок, майрамдык маанай менен олтурдук», — деди Кадырбек кызы.

Ал эми «ИЗЮМ» ресторанын инстаграмдагы баракчасына 26-августта банкеттен тартылган видео жарыялады. Андан болжолдуу 100гө жакын кишиге дасторкон жайылганын көрүүгө болот. Ошондой эле тасмага Ош шаардык кеңешинин депутаттары жана башка кишилер тамактанып атканы түшкөн.

Нуркыз Кадырбекова. Сүрөт: Ош шаардык кеңеши

Журналисттерге жайылган дасторкон

23-августта ошол учурда Ош шаарынын мэринин м.а. Алмаз Мамбетов ЖМК өкүлдөрүнө басма сөз жыйын кургандан кийин журналисттерге фуршет уюштурган.

«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Дастан Үмөтбай уулу Твиттерге жарыялаган сүрөттөргө караганда, дасторконго чучуктан тартып роллыга чейин коюлган. Ал эми фуршетти «ИЗЮМ» рестораны даярдаган болушу мүмкүн. Анткени салфетка салынган кутучада анын аталышы жазылып турган.

Кабарчы маалымат жыйындан мурун фуршет кайсы каражатка уюштурулганын сураганда, Мамбетов «акча өз чөнтөгүнөн» кеткенин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА: Ош мэринин м.а. басма сөз жыйындан кийин журналисттерге дасторкон жайды

Экс-мэрдин «чайы»

25-августта Ош шаарынын экс-мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы Remi ресторанында «чай» берген. Ага шаар активисттери, депутаттар, мэриянын кызматкерлери жана ошол учурда мэрдин милдетин аткарып турган Алмаз Мамбетов келген.

Иш-чарада Сарыбашов сөз сүйлөп, мэрликке талапкер Алмаз Мамбетовго ийгилик каалаган. Ошондой эле, Сарыбашов элди ынтымакка жана президент Садыр Жапаровдун «саясатын колдоого» чакырган.

26-августта Ош шаардык кеңеши жалгыз талапкер Алмаз Мамбетовду мэр кылып шайлаган. Аны 43 депутат колдоп, экөө баарына каршы деп добуш берген. Добуш берүү жыйынтыкталып, токтом кабыл алынгандан кийин айрым депутаттар Мамбетовго тебетей жана чепкен кийгизип, гүл берип куттукташкан.

Авторлору: Зарина Маматжанова, Элвира Султанмурат кызы, Элдияр Бакиров

Тема боюнча:

Жалгыз талапкер Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри болуп шайланды

Ош: Сарыбашов Мамбетовго ийгилик каалап, президентти колдоого чакырды

«Спортчу жандоочуларым жок». Алмаз Мамбетов журналисттердин суроолоруна жооп берди