Ош: Сарыбашов Мамбетовго ийгилик каалап, президентти колдоого чакырды

Таалайбек Сарыбашов, Алмаз Мамбетов. Иш-чаранын видеосунан скриншот жасалып алынган сүрөттөр. 

Ош шаарынын экс-мэри Таалайбек Сарыбашов 25-августта шаардагы Remi ресторанында «чай» берди. Ага шаар активисттери, депутаттар, мэриянын кызматкерлери жана ошол убакта мэрдин милдетин аткарган Алмаз Мамбетов* келди.

*Мамбетов 26-августта Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын колдоосу менен мэр болуп шайланды.

Сарыбашовдун тушунда мэриянын басма сөз катчысы болуп турган Азамат Абсаттаров бул иш-чарадан «саясат издебөөгө» чакырды. Анын айтымында, экс-мэр чайды салтка ылайык мурдагы кесиптештерине ыраазычылык билдирүү үчүн берген.

«Бир жерде иштегенден кийин кетип жатканда унчукпай кетип калбастан сөзсүз түрдө чай берип коюш керек», — деди Абсаттаров.

«Соцтармактардагы сындарды туура эмес деп эсептейбиз»

Иш-чарада Сарыбашов сөз сүйлөп, мэрликке талапкер Алмаз Мамбетовго ийгилик каалады. Сарыбашов «Мамбетов жакшы программасы менен шаарды өнүктүрөм деп келди» дейт.

«Мен биздин элибиз аны жакшы колдоп турса, ал биз баштаган иштерди аягына чыгарып, өзүнүн дагы жакшы тилек-максаттары менен шаардын өнүп-өсүшүнө жакшы салымын кошот деген ишеничтемин», — деди ал.

Ошондой эле Сарыбашов элди ынтымакка жана президент Садыр Жапаровдун «саясатын колдоого» чакырды.

«Мамлекетти көздүн карегиндей сактап, баарыбыз президенттин колуна-кол, бутуна-бут болуп, ар бирибиз өз ишибизди так аткарсак өлкөбүз алдыга жылат деп ойлойм», — деди мурдагы мэр.

Ал Алмаз Мамбетов сөз сүйлөп жатып Сарыбашовго «шаарды мага өткөрүп берип жатасыңар, мындан ары эмгегиңизди улантып шаарды өнүктүрөбүз» деп айтты.

«Мэрдин милдетин аткаруучу болуп келгениме 20 күндөн ашык болсо дагы эл менен, жер менен, Таалайбек Насирбековичтин жасаган иштери менен таанышып кубанып отурам. Мен ойлойм, мындан ары дагы 1 жыл иштеймби, 4 жыл иштеймби шаардын таламын талашып, шаардын өнүгүшүнө өзүмдүн билимимди жумшап, колумдан эмне келсе ошонун баарын жасаганга мен да даярмын», — деди ал.

Анын бул билдирүүсү социалдык тармактын колдонуучулары арасында ача пикир жаратты. Анткени мэрди Ош шаардык кеңешинин депутаттары шайлайт, андан кийин токтомду президент бекитет. Мэрдик бири-бирине өткөрүп берчү кызмат эмес.

Активист Гүлгакы Мамасалиева өзүнүн фейсбук баракчасына «Мамбетов маалымат жыйын бергенде “баары мыйзам жолунда болот” деп убада берди эле, бүгүнкү отуруш сөзүнө дал келбеди» деп жазды.

Анткен менен Азамат Абсаттаров «Клоопко» «соцтармактардагы сындарды туура эмес деп эсептейбиз» деп билдирди. Ошондой эле ал «эгер шайлоодон мурда добуш сатып алуу болгондо чайды Сарыбашов эмес, Мамбетов бермек» деп айтты.

«Мамбетов Сарыбашовдун иштерин улантат»

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу болуп 2-августта дайындалган. Мамбетов бул кызматты ага президент Садыр Жапаров сунуштаганын билдирген.

Шайлоого Мамбетов жалгыз талапкер болуп көрсөтүлгөн — шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы да, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов да анын талапкерлигин сунуштаган. Ал эми экс-мэр Таалайбек Сарыбашов Мамбетовдун талапкерлигин колдой турганын шайлоого бир күн калганда ачык эле айтты.

Калаадагы белгилүү Tez Kabar ютуб каналы Мамбетовду Сарыбашовдун кечесинде тартылган тасманы «Оштун экс-мэри Сарыбашовдун иштерин азыркы мэр Мамбетов улантат» деген аталыш менен жарыялады. Мындан улам Мамбетов Сарыбашовдун «мураскору беле» деген суроо жаралбай койбойт.

26-августта Ош шаардык кеңеши жалгыз талапкер Алмаз Мамбетовду мэр кылып шайлады. Аны 43 депутат колдоп, экөө баарына каршы деп добуш берди. Добуш берүү жыйынтыкталып, токтом кабыл алынгандан кийин айрым депутаттар Мамбетовго тебей жана чепкен кийгизип, гүл берип мэр болуп шайланышы менен куттукташты.

Жалгыз талапкер Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри болуп шайланды