Жалгыз талапкер Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри болуп шайланды

Ош шаардык кеңешинин депутаттары 26-августта калаа башчысын шайлады. Алмаз Мамбетов — жалгыз талапкер болду. Ал буга чейин президент Садыр Жапаровдун дайындоосу менен Ош мэринин милдетип аткарып турган.

Алгач Мамбетов депутаттарды өзүнүн программасы менен тааныштырды. Ал таза суу маселесин чечүүнү, Сулайман-Тоонун буфердик аймагын шаардын деталдуу пландоосуна (ПДП) ылайык белгилеп чыгууну, таштанды полигонун жана таштандыны кайра иштетүүчү завод курууну, Ак-Бууранын жээгин көрктөндүрүү долбоорун улантууну убадалады.

Андан соң эл өкүлдөрү талапкерге суроолорун беришти. Алардын арасында максатсыз курулуштарды баштабоо, кызматтагы спортчулардын шайлоодогу иш-аракеттерине көңүл буруу, шайлоолорду адилеттүү өткөрүү, шаардык ПДПсын кабыл алуу, мэриядагы жетекчилик кызматтарга аялдарды да дайындоо, бала бакча тартыштыгын чечүү, мектептерди заманбап ажатканалар менен камсыз кылуу сунуштары берилди.

Шайлоо жашыруун добуш берүү менен өттү. Мамбетовдун талапкердигин 43 депутат колдоду. Баарына каршы деп эки депутат добуш берди. Андан кийин тиешелүү токтом кабыл алынды. Шайлоодон кийин депутаттардын айрымдары жаңы мэрди куттуктап, ага тебетей жана чепкен кийгизишти.

Тема боюнча: «Спортчу жандоочуларым жок». Алмаз Мамбетов журналисттердин суроолоруна жооп берди

Алмаз Мамбетов тууралуу эмне белгилүү?

Алмаз Мамбетов 45 жашта, ал 1999-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинин (МУК) Дипломатия жана эл аралык мамилелер» факультетин аяктаган. Мамбетов эмгек жолун 2000-жылы Тышкы иштер министрлигинде катчы-референт катары баштаган.

Ал 2002-2003-жылдары Спорт жана туризм министрлигинин байланыш жана маркетинг бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеп, 2004-2007-жылдары ТИМдин мамлекеттик протокол департаментинин катчысы болгон. Мамбетов 2008-2010-жылдары «Кыргыз темир жолу» ишканасында эмгектенген.

Ошондой эле 2011-жылы ал Бишкек мэриясынын эл аралык башкармалыгын жетектеген. Андан соң ишкерлик менен алектенген. Ал эми 2014-2016-жылдары «Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед» ЖЧКсынын PR-бөлүмүндө иштеген.

2016-жылы Балыкчы шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы Мамбетовдун талапкерлигин мэрликке сунуштаган — ал бул кызматты үч жыл аркалаган. Ал Балыкчы шаарын жетектеп турганда коомчулукта сөгүнүп-сагынган сөздөрү менен эсте калган. Ал 2017-жылы Балыкчынын экс-мэри Сатыбек Шамшудинов менен телефондон уруша кетип, аны «өлөсүң» жана «көтүңдү айрыйм» деп коркуткан. Кийин Мамбетов «Өлтүрүү коркунучу» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, эки миң сомдук айыпка жыгылган.

Ал эми 2019-жылы ал Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп, өткөн жылдын октябрь айындагы башаламандыктан кийин президенттин иш башкармасынын башчысы болуп дайындалган.

Үстүбүздөгү жылдын 2-августунда Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу болуп дайындалган. Мамбетов өзү аталган кызматка президент Садыр Жапаровдун сунушу менен келгенин айткан.