«Спортчу жандоочуларым жок». Алмаз Мамбетов журналисттердин суроолоруна жооп берди

Сүрөт: «Турмуш»

Ош шаарынын мэринин м.а. Алмаз Мамбетов 23-августта басма сөз жыйын куруп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Мамбетов — шаардык кеңеш тарабынан көрсөтүлгөн жалгыз талапкер. Ал президент Садыр Жапаровдун сунушу менен убактылуу жетектеп жатканын айткан.

«21-кылымда суу жок деген түшүнүк болбош керек»

Алмаз Мамбетов Ош шаарындагы таза суу көйгөйүн калаага башчы болуп келгенден эртеси күнү эле сезгенин айтып, маселени чечүү үчүн «варианттар каралып жатат» деп билдирди. Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы бөлө турган 3 млн доллар грант көйгөйдү чече албайт.

«Суу өчүрүлгөнү өзүмө да сезилди, анткени эрте менен турсаң суу жок. Азыр 21-кылымда суу жок деген түшүнүк болбош керек го деп ойлоймун. Ошту таза суу менен камсыздоо маселесин толугу менен чечүү үчүн Куршаб айылынан суу тартылат — ага 3 млрд сомго чейин каражат сарпталышы мүмкүн», — деди Мамбетов.

Калаада каттуу жамгырдан кийин Ак-Буура дарыясы булганып, шаарда таза суу берүү бир нече күнгө чейин токтулат. Аталган маселени бир да шаар башчы чече алган эмес.

ТЕМА БОЮНЧА: Экс-мэр Сарыбашов: Ошту таза суу менен камсыздоого 3,5 млн доллар сарпталат

Ошондой эле мэрдин м.а. Ош шаарында суунун тарифи «арзан» деп билдирди. Учурда калаа тургундары бир куб метр сууга баасы беш сом төлөшөт. Анын айтымында, «Ош суу канал» ишканасы өзүн каржылаган мекеме болушу керек.

Ошол эле Мамбетов учурда суунун баасын көтөрүү маселеси турбаганын, алгач таза суу менен камсыздоо көйгөйүн чечүү керектигин белгиледи.

Ак-Бууранын жээгин көрктөндүрүү иштери уланат

Маалымат жыйында Мамбетов Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери уланаарын белгиледи. Анын айтымында, долбоорго каралган 253 млн сомдун жарымы иштетилген.

«Муну баштагандан кийин бүтүрүшүбүз керек. Бардык мамлекеттерде, шаарларда суу бар жерлерди карасаңар дарыянын жээги жасалган да — ошол жерде эл эс алат, ата-энелер кичинекей балдары менен коляскалар менен, чоң кишилер велосипед менен айдап турат», — деди ал.

Оштун Ак-Буура дарыясын 5,4 чакырым жээгин көрктөндүрүү долбооруна шаардык бюджеттен 252 млн сом каралган. Пандемияга карабастан 2020-жылы долбоорду баштоого 60 млн сом бөлүнгөн.

ТЕМА БОЮНЧА: Оштогу Ак-Буура дайрасын оңдоп-түзөө тендерин ким уткан? — Kaktus.mediaнын иликтөөсү

Мандат алып, кайра кызматка келген аткаминерлер тууралуу

Жыйындагы журналисттердин бири Мамбетовго Ош шаардык кеңешке депутат болуп келген айрым муниципалдык кызматтын жетекчилери ошол мекемелерден толук кетпей, башчылардын орун басары кызматтарына кайтып келгенге мыйзам жол береби деп сурады.

«Бул мыйзам бузуу эмес экен. [Мандат алгандарга] башчы болууга болбойт экен, бирок орун басары болууга, башкы инженер болууга — ага мыйзам жол берет. Ал иштей берсе болот [...] Эми бул адамдар депутат болуп отурушат, бул өздөрүнүн укугу», — деди Мамбетов.

Ошондой эле Оштун башчысы «эгерде булар кайра кызматка келсе, демек буга чейин жакшы иштеп келген» деген пикирде.

*«Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси Дөөлөтбек Көкөчөров «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан Ош шаардык кеңешке келип, кызматын тапшырган. Бирок көп өтпөй соцтармактарда ал мекеменин башкы инженери болуп дайындалганы тууралуу маалымат пайда болгон.

«Маммолог» деген атка конгону тууралуу

Мамбетов ага «маммолог» деген ат негизсиз берилген деп эсептейт. Анын айтымында, ошол кезде Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп, мекемедеги «коррупциялык иштерге каршы чыгып турганда» каралоо уюштурулган.

«Бул монтаж да эмес, мен да эмесмин. Мен ошол кезде башка жерде болчумун, анын баарын далилдеп, фактыларды бергенбиз. Массалык маалымат каражаттарына дагы. Аны уюштургандарды дагы билемин, атын деле айтпай эле коёюн, бирок булар башка коррупциялык иштер боюнча тергөө абагында отурушат», — деди Мамбетов.

*Бул окуя 2019-жылдын декабрь айында болгон — анда Мамбетовго окшош киши унаасында жүргүнчү аялдын төшүн кармап, «Коопсуз шаардын» камерасына түшүп калган. Бул сүрөт соцтармактарда тарап кеткен. Натыйжада бул Мамбетов эмес экени аныкталган — Мамлекеттик каттоо кызматынан камерага түшкөн киши табылып, ага айып пул салынганын кабарлаган.

Вице-мэрлердин бири аял болот, «Спортчу жандоочуларым жок»

Мамбетов кадрлык маселелерде репутация, тажрыйба жана кесипкөйлүк эске алынаарын билдирди. Ошондой эле ал мэрияда аял кызматкерлер аз болгонуна «таң калганын» айтты — анын айтымында, социалдык маселелер боюнча вице-мэр аял болушу керек.

Ал эми журналисттердин бири мурдагы мэрлер бийлик алмашкан учурда өздөрүн коргоо үчүн «спортчуларды колдонушканын айтып», мисал катары спортчу жана Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы башчысы Кылыч Саркарбаевдин ысмын атады.

«Менде андай колдоочуларым да, жандоочуларым да жок [...] Эми спорт менен машыккан бала жакшы иштесе эмне үчүн [кызматка] алып келбеш керек? Репутациясы таза болсо деле “сен спортчу экенсиң, сенин салмагың чоң экен” деп албай койгон туура эмес го. Андай балдар жакшы болсо алып келиш керек ишке», — деди Мамбетов.

Мэрдин м.а. спорт комитетине «көчөдө мушташкан эмес», олимпиадалык спорт менен машыккан спортчуларды алып келүү керек деген пикирин айтты.

*Саркарбаев октябрдагы төңкөрүштөн кийин УКМК тарабынан паспортун жасалмалаганы үчүн кармалып, бюджетке 1 млн сом төлөгөндөн кийин үй камагына чыккан.

**Учурдагы Ош спорт комитетинин жетекчиси Бекдөөлөт Абакиров «Атилла» аталыштагы спорттук клубун жетектейт. Саркарбаев жана Абакиров эрежесиз таймаш мушкерлери.

ТЕМА БОЮНЧА: Спортчу аны Ош мэриясынын кызматкери атканын билдирип президентке кайрылды

«Курулуш компаниялардан эки-үч батир алган мэрлер»

Жаңы калаа башчы Ош шаарында көп кабаттуу үйлөр салынып, шаар бийиктикке өсүп жатканына кубанганын билдирди. Ал эми журналисттердин бири экс-мэр Таалайбек Сарыбашовдун тушунда «курулуш компаниялардын

жетекчилиги кысымга алынышканын айтып, система уланбайбы» деп суроо узатты.

«Алар журналисттерге келип айтышат, бирок ачык интервью берип, коомчулукка нааразычылык билдирип чыккандан коркушат. Себеби [Сарыбашовдун] айланасындагы каралар аркылуу “үй-бүлөмө коркунуч жаралат” деген ойдо ачыкка чыга алышпады. Бирок бизде далилдер, фактылар бар [...] Ишкерлерди ар кандай жолдор менен кысымга алып, эки-үчтөн батир алган буга чейинки мэрлердин жолун улантпайт деп ишене алабызбы сизге?» — деди ал.

Алмаз Мамбетов курулуш компаниялардын өкүлдөрү жана журналисттер менен жолугушуп, маселени ачык талккулоого даяр экенин билдирди. Мамбетов эгерде Ош мэриясынын аткаминерлери курулуш компаниялардан «батир же акча» талап кылган болсо ага түз кайрылышын айтты.

Ошол эле учурда мэрдин м.а. курулуш компаниялар да турай жайларды тезирээк бүтүрүү үчүн мыйзамсыз аракеттерди жасап, «конверттерде пара сунуштап жатканын» билдирди.

«Курулуш компанияларды силер менен чакырып, ачык эле “силер да туура жол менен ишиңерди алып баргыла, мыйзамды бузбагыла” [деп айтышыбыз керек]. Ошол эле учурда эгерде бизден ушундай [мыйзамсыз] фактылар катталса, анда биз ага чара көрүшүбүз керек», — деди Мамбетов.