Патрулдук милиционердин огунан каза болгон Чыңгыз Абдыраев жерге берилди

Чыңгыз Айдарбековдун тажыясы. Сүрөт: AKИpress маалымат агенттиги

Бишкек шаарында патрулдук милиционердин огунан каза болгон 32 жаштагы Чыңгыз Абдыраевдин 29-августта акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

AKИpress маалымат агенттиги тажыяга ИИМдин башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаков жана Бишкек ШИИББинин башчысы Азамат Ногойбаев барышканын билдирди. Бул маалыматты маркумдун достору дагы тастыкташкан.

Окуя кандай болгон?

Бишкек шаарынын Жибек-Жолу — Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде 27-августта патрулдук милициянын кызматкери 32 жаштагы айдоочуга ок чыгарып, ал ооруканага жетпей каза болгон.

Милициянын маалыматына ылайык, алгач патрулдук милициянын кызматкерлери каршы тилкеде келе жаткан Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Ал эми жол эрежелерин бузуу тууралуу протокол түзүлүп жатканда айдоочу кетип калып, кийинчерээк кайра кайтып инспектор менен чырдаша кеткен. Ошол маалда инспектор куралын алып чыгып айдоочуну көкүрөк тарабына аткан.

Бишкек ШИИББи тараткан алгачкы пресс-релизде, «ок кокусунан атылганын, ал эми айдоочу чагым жасаган» деп маалымдалган. Ошол эле учурда Тез жардам бригадасы жабырлануучуга «биринчи жардам көрсөтүп жана реанимациялык иш-чараларды жүргүзгөн, бирок алган жараатынан улам эсине келбей каза болгону» айтылат.

Жеринен кароо жүргүзүү учурунда мечиттин батыш тарабында унаа жүрүүчү бөлүгүндө, асфальттын бетинде бир даана гильза, кара күрөң түстөгү заттын издери жана кара күрөң түстөгү тампон табылган.

Аталган окуяны ИИМдин ички иликтөө кызматы териштирүүнү баштаганы кабарлаган. Бирок кийинчээрек бул ишти кароо милдети УКМКга өткөрүлүп берилген.

Бул боюнча «Бийликтен аша чабуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталып, ок чыгарган инспектор убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Мындан тышкары, УКМК айдоочунун өлүмүнө байланыштуу Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция бөлүмүнүн полкунун рота командиринин орун басары А.Н., полктун 2-ротасынын 3-взводунун кенже инспекторлору жана дагы бир кенже инспекторлору Б.Э. жана Б.А. УКМКнын тергөө абагына убактылуу киргизилгенин кабарлаган.

Алар өзгөчө оор кылмышты жашырууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө.