Factcheck.kg: Ишкер Жумагулов жарым миллион сомго жол эрежелерин бузган

Factcheck.kg басылмасы 119 жолу жол эрежесин бузуп, «Коопсуз шаар» долбоору боюнча жалпы суммасы 472,5 миң сом айып жазылган Lехus 470 маркасындагы «1221 BC» номерлүү унааны ким башкарарын аныктады. Журналисттердин маалыматына караганда, унаанын ээси Бактыбек Жумагулов аттуу ишкер.

Ал 2020-жылы март айында фейсбук барагына Нарын облустук ооруканасына гуманитардык жардам жеткиргени тууралуу сүрөт жүктөгөн.

«Сүрөттө оорукананын кызматкерлери жана ишкер Бактыбек Жумагуловду көрүүгө болот. Ал эми алардын артында көпчүлүккө тааныш болуп калган Lехus 470 үлгүсүндөгү “1221 BC” номерлүү унаа тартылган. Бул сүрөт фейсбук социалдык тармагында 2020-жылдын 27-мартында жарыяланган», — деп белгилеген журналисттер.

Бактыбек Жумагулов жана Нарын облустук ооруканасынын медицина кызматкерлери. Сүрөт / Жумагуловдун Фейсбугу

Ошондой эле, анын Фейсбук барагындагы видеодо Жумагуловдун Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол сызыгын кесип өтүп, улам каршы тилкеге чыга калып айдап бара жатканын көрүүгө болот.

Factcheck.kg басылмасынын журналисттери ишкер менен байланышкан. Анда ал 15 күн аралыгында айып пулду төлөйм деп убада берген. Анын айтымында, айыптар тууралуу интернеттен уккан.

Бактыбек Жумагулов деген ким?

AKIpress агенттигинин маалыматына ылайык, ал Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин алдындагы «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун кеңешчиси болуп иштеген.

Юстиция министрлигинин базасында ал «Разрез “Узун-Булак”» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары катталган. Компания таш көмүр казып чыгарат.

2020-жылы парламенттик шайлоого «Замандаш» саясий партиясынын катарында катышкан. Партиянын тизмесинде 34-катарда болчу.

Бактыбек Жумагулов. Сүрөт / Жумагуловдун Фейсбугу

Анын соцтармактагы барактарынан Күрөш федерациясынын вице-президенти, мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев жана парламент депутаты Алиярбек Абжалиев менен бирге түшкөн сүрөттөрүн көрүүгө болот.

Ошондой эле, анын соцтармактагы барактарында түрдүү спорттук иш-чараларда тартылган сүрөттөр жүктөлгөн. ЖМКдагы материалдарга ылайык, Жумагулов аймактагы спортту өнүктүрүүнү активдүү колдоп келет.