Активисттер менен саясатчыларды тыңшоо. Камчыбек Ташиев комментарий берүүдөн баш тартты

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бир катар саясатчылар менен активисттердин телефон сүйлөшүүлөрү ИИМ тарабынан тыңшоого алынганы боюнча комментарий берген жок.

Буга чейин «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова өзүнүн, ошондой эле башка 100гө жакын активисттер менен саясатчылардын телефон сүйлөшүүлөрү соттун чечиминин негизинде ИИМ тарабынан тыңшоого алынганын билдирген.

AKIpress’тин маалыматына ылайык, 31-августта Ташиев маалымат агенттиктин кабарчысынын тыңшоога алуу жөнүндөгү суроосуна «иш-чаранын темасына тиешеси жок» экенин айтып, жооп берген эмес. Ал кезде УКМКнын башчысы Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарада болгон.

ИИМ тарабынан тыңшоого алуу

Сооронкулованын айтымында, Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы Чыңгыз Бердимуратов 2021-жылдын 6-январында «100гө жакын адамдын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого санкция берген» токтом чыгарган.

«Соттук актыга ИИМдин тергөө кызматынын башчысы А. Жумабаевдин токтому негиз болгон. Анда Жумабаев судьядан аты аталган адамдарга карата 2020-жылдын 5-октябрь окуяларына байланыштуу, атап айтканда “Ак үйдү” штурмга алуу жана басып алуу боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылгандыктан, телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого уруксат берүүнү өтүнгөн», — деп билдирген Сооронкулова.

Бирок тыңшоо тизмесине октябрь окуяларына тиешеси жок адамдар дагы кирген, алардын ичинде: адвокат Нурбек Токтакунов, юристтер Сания Токтогазиева жана Таттыбубу Эргешбаева дагы бар.

«Тыңшоо 2021-жылдын 6-январынан бери жүрүүдө. Тизмедеги адамдардын көпчүлүгү активдүү жарандык позициясы бар, бийликке жана өлкөдөгү мамлекеттик саясатка карата сын-пикирин ачык-айкын айткан жарандар. Булардын жеке жашоосу туралуу маалымат топтоо үчүн телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоо — каршы пикири үчүн куугунтуктоо болуп саналат», — деп эсептейт Сооронкулова.

Дагы кимдер тыңшоого алынган?

Сооронкулова Фейсбуктагы барагына жарыялаган соттун чечимине ылайык, парламент депутаттары, оппозициячыл саясатчылар, активисттер жана укук коргоочулар тыңшоого алынган.

«Тыңшалып» жаткандардын арасында: парламент депутаттары Дастан Бекешев жана Каныбек Иманалиев, «Социал-Демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, оппозициячыл Равшан Жээнбеков, мурда президенттикке талапкер болгон Курсан Асанов менен Абдил Сегизбаев жана башкалар бар.

Ал эми активисттерден Тилекмат Күрөңов, Улан Үсөйүн, Урмат Жаңыбаев, Нурсултан Акылбеков жана башкалар тыңшоого алынган. Ошондой эле укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров менен Рита Карасартова дагы бул тизмеде.

Тыңшоого алынган бир нече адам, анын ичинде Сооронкулова жооптуу адамдарды жоопко тартуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Алар тыңшоого алуу фактысы боюнча ички иштер министри Улан Ниязбеков менен башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтан алынышы керек деп эсептешет. Андан тышкары, алар ИИМдин башчылары менен тергөөчүлөрүн жана судья Чыңгыз Бердимуратовду кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышкан.