Милиция балдар оюн-зоок борборунун кызматкерине кол салган кишиге кылмыш ишин козгоду

Бишкектеги MagicCity балдар оюн-зоок борборундагы окуя боюнча «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан 10-августта билдиришти.

Эмне болгон?

2-августта MagicCity’де белгисиз киши сатуучу кызды тилдеп, калькулятор менен башына чаап салган. Көңүл ачуу борбордун администратору Тимур Жунусовдун айтымында, кол салган кишиге кызматкер аны орус тилинде тейлегени жакпай калган. Ошондой эле Жунусов киши мас абалында болгонун кошумчалаган.

Ошол эле күнү жабырлануучу Октябрь РИИБисине арыз менен кайрылган. Алгач милиция «Майда бейбаштык»* беренеси менен тергөөнү баштап, 29 жаштагы шектүүнү кармаган.

*«Майда бейбаштык» үчүн 30 миңден 60 миңге чейин айып пул же алты айдан бир жылга чейин эркиндикти чектөө каралган.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети шектүүгө расмий эскертүү берген. Атайын кызмат Конституция боюнча орус тили өлкөдө толугу менен мыйзамдын негизинде аракетте экенин: кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили — расмий тил экенин белгилеген.

Тергөө соттук-медициналык экспертиза дайындап, бирок жабырлануучу андан баш тарткан. Ошондой эле укук коргоо органдары соттук-лингвистикалык экспертизаны дайындады — анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин кайрадан квалификациялоо маселеси каралат.

Орус бийлигинин реакциясы

Борбор калаанын милициясы MagicCity’нин кызматкерине кол салган кишиге тагылган беренени Орусиянын бийлик органдарынын реакциясынан кийин кайра карады.

Биринчилерден болуп бул окуя боюнча Орусиянын Мамлекеттик думасы үн катып, Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовго кайрылуу жолдоону чечкен. Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володиндин айтымында, орусиялык депутаттар Мамытовдон MagicCity’деги кол салуу боюнча тергөөнү жеке көзөмөлүнө алууну суранмакчы.

Ошондой эле Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко «турмуштук улутчулдуктун фактысына көңүл бурганын» айтып, мындай аракеттерди «айыптабай коюуга болбойт» деген пикирин жазган. Удовиченко дагы кыргыз бийлигине кайрыла турганын билдирген.

Ал эми Орусиянын ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский 9-августтагы Мамдуманын жыйынында Орусиянын Кыргызстандагы элчисин чакыртып алууну жана Кыргызстан менен соода-экономикалык алаканы үзүүнү сунуштады.

Жириновский Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында митинг уюштуруп, Орусиядагы кыргыз мигранттарын санын азайтууга чакырган.

Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара Клара-Самат саясатчы менен сүйлөшүү жүргүзүп, бул окуя «турмуштук деңгээлдеги инцидент» болгонун жана өлкөнүн «тийиштүү органдары тийиштүү иш алып барганын» билдирген.

Клара-Самат жана Жириновский бул окуяны кызыккан жактар кыргыз-орус мамилесин бузууга аракеттенүү үчүн колдонушу мүмкүн деген бир ойго келишти. Ошондой эле Жириновский эки тараптуу иш-чараларга катышууга даяр экенин белгилеген.