Кыргызстан: Эгемендүүлүктүн 30 жылы сандар менен

2021-жылдын 31-августунда эгемендүү Кыргызстан өзүнүн 30 жылдыгын белгиледи. 1991-жылы дал ушул күнү Кыргыз ССРинин Жогорку Совети Кыргыз Республикасын көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган.

«Клооп» 30 жылдык эгемендүүлүктө өлкөбүз кандай жолду басып өткөнүн баяндай турган сандардын топтомун сунуштайт.

Калктын 25%ы 

2020-жылы ар бир төртүнчү кыргызстандыктын жашоо деңгээли жакырчылык чегинен төмөн болгон.

*Дүйнөлүк банктын эксперттеринин божомолуна ылайык, 2021-жылы жакырчылыктын деңгээли 35%га чейин өсүүсү күтүлүүдө. Буга COVID-19 пандемиясы жана өлкөдөгү саясий толкундоолор таасир берген.

6

30 жылда алты президент алмашты. Алардын экөө тактан кулатылып, өлкөдөн качып кетишсе, дагы бирөө массалык нааразычылыктан улам ыйгарым укуктарын тапшырып берген.

26

Бул жылдар аралыгында Кыргызстанда ушунча премьер-министр болгон.

10

Референдум аркылуу Конституцияга 10 жолу өзгөртүү киргизилген.

~ 1 млн

Кыргызстандык чет өлкөдө иштеп жүрөт. Алардын көбү — Орусияда.

7

Жети олимпиада медалы. Кыргызстандык спортчулар ар башка жылдарда Олимпиада оюндарында үч күмүш жана төрт коло медалга ээ болушту.

4,9 млрд АКШ доллары

Кыргызстандын мамлекеттик карызы. Өлкөнүн Кытайга болгон карызы баарынан көп.

>2,3 млрд АКШ доллары

Чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандыктар 2020-жылы дал ушул өлчөмдөгү каражатты мекенине которгон. Бул сумма Кыргызстандын 2020-жылкы ИДПсынын дээрлик үчтөн бирине барабар.

7,7 млрд АКШ доллары

Кыргызстандын 2020-жылдагы ИДПсы. 1991-жылы бул көрсөткүч 2,5 млрд АКШ долларын түзгөн.

71,7 жыл

2020-жылга карата кыргызстандыктарын орточо жашоо узактыгы.

6,6 млн адам

2021-жылдын башына карата Кыргызстандагы калктын саны. 1991-жылы калктын саны 4,4 миллионду түзгөн.