«500 миң доллар». Ошто 24 жаштагы кыз каржы пирамидасын түзүүгө шектелип кармалды

Cүрөт: Замир Сыдыков

Ош шаарында тургундардан ири суммадагы акчаларды алып, каржы пирамидасын түзүүгө шектелген Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, 24 жаштагы кыз өзүн «Алтын-Тамыр Плюс»* ЖЧКсынын жетекчиси катары тааныштырып, «курулуш материалдарын жеткирүүчү чоң суммадагы тендерди утуп алганын» айткан. Эгер тургундар ага инвестиция салса ай сайын кошумча акы берилээрин убадалаган.

«Бирок алган акчаларын да кайтарбай из жашырып кетти» деп эки киши ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө арыз жазган — алардын бири 30 миң, экинчиси 39 миң АКШ долларын берип алданганын айткан. Мындан сырткары кыздын туугандары да алдангандарын билдиришип, бирок арыз жазуудан баш тартышкан.

*Ачык булактардан «Алтын-Тамыр Плюс» компаниясын издегенде «Алтын-Тамыр» деп аталган бир нече компания чыгат. Бирок алардын көпчүлүгү дары сатуу менен алектенишет.

«Алдап алган акчалардын жалпы суммасын эсептесек 500 миң доллардан ашып кетет экен. Оштон же Жалал-Абаддан дагы арыздар түшүшү мүмкүн», — дейт ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Аталган факт «Алдамчылык» беренеси менен катталып, кыз 28-августта кармалган. Ош шаардык соту 28-сентябрга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизген. Тергөө учурунда ал алган акчаларын «Кыргыз-Каганат» ишканасына жана бир адамга которгонун билдирген.

Сыдыков «тергөөчү аталган фирмалар менен байланышканда кызды тааныбай турганын айтышкан» деп ишендирди. Мындан улам анын үстүнөн «Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо» беренеси менен да иликтөө башталган.

«Каганат-Кыргыз», «Алтын-Тамыр+»

Кыз акча котордум деген «Каганат-Кыргыз» компаниясын Сонунбек Омаралиев жетектейт. Аталган компания «Каганат Инвест» холдингине карайт.

Бул холдингдин ичинде Оштогу электромобиль чыгаруучу «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз Текстиль ЛТД», «Ихлас» курулуш компаниясы да бар. «Каганат Инвестке» ага-инилер Айбек жана Нурбек Осмоновдор ээлик кылышат. Айбек Осмонов учурда Жогорку Кеңеште депутат.

2019-жылдын апрель айында «Ихлас» курулуш компаниясы коррупционер экенин мойнуна алган экс-бажычы Райымбек Матраимовдун эжеси Чынара Матраимова менен келишим түзгөн. Учурда бул компания Ош шаарындагы Матраимовага таандык жерде 14 кабаттуу үйдү жана «Ош Плаза» аттуу соода-көңүл ачуу борборун куруп жатат.