«Унутта калган улуулук». «Акыркы көч» тасмасы прокатка чыкты

1-сентябрь күнү Бишкектеги «Космопарк» борборунун кинотеатрында режиссёрлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун «Акыркы көч» (The Road to Eden) тасмасынын улуттук бет ачары болду. Ал эми дүйнөлүк премьерасы 2020-жылы Эстониянын борбору Таллинде өткөн эл аралык кинофестивалда болгон.

Премьера маданият министри Кайрат Иманалиев, кинематография департаментинин башчысы Мукталы Бектеналиев, фильмди жараткан чыгармачыл топ, маданият тармагынын өкүлдөрү жана кино сүйүүчүлөрдүн катышуусунда өттү.

Фильмде белгилүү жазуучу Кубат Алиевдин өмүрүнүн акыркы күндөрүн баяндоо менен жалпы адамзаттык баалуулуктардын унутта калганы, адамдар көр дүйнөнүн артынан түшүп, адамгерчилик, чынчылдык, боорукерлик деген улуу мурасты кийинки муунга өткөрүп берүүгө умтулбаганы көрсөтүлгөн.

«“Акыркы көч” мени абдан ойго салды. Фильмдин сценарийи бүгүнкү күндө жоголуп бара жаткан адамзаттык асылдык наркты, улуу сапаттарды кайтарып келүү боюнча адамга бир чакырык таштаган ойду камтыйт», — деп ой бөлүштү тасманы көргөндөн кийин министр Кайрат Иманалиев.

Ал эми фильмдин режиссёру Бакыт Мукул кыргыз эли чыгармадагы айтылып жаткан ойду, терең философияны түшүнүүгө аракет кылуусу керек, көркөм чыгарма аркылуу көрүүчүнүн табитин калыптандырууга болот деп эсептейт.

«Адам баласы алдыга жылып, өсүшү керек. Өзүбүзгө ылайык кино тартып, каткырып-күлүп жүрө берсек артта калабыз. Биздин эл дагы философиялык фильмди көрүп түздөнүп, экинчи планда бул ой атылыптыр, негизги ой ушул экен деп түшүнүп көрсө дейбиз. Дүйнө эли бизден бир топ арыштап алдыга кетти. Дүйнөлүк фестивалдарда биздин кинолордун бааланып жатканы да ушундан», — деп билдирди режиссёр.

Фильмдеги баш каармандын ролун Кыргыз ССРнин Эл артисти Марат Алышбаев ойногон. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Тынара Абдразаева, Табылды Актановду көрүүгө болот.

Фильм 2-сентябрдан тартып Бишкектеги кинотеатрларда көрсөтүлө баштады.

Тасма Таллинде өткөн «А» класстагы «Караңгы түндөр» эл аралык кинофестивалынын башкы сынагына катышкан. Андан тышкары, Дакка Эл аралык кинофестивалынын башкы сынагында Гран прини жеңген. Ал эми Куала-Лумпур кинофестивалында калыстар тобунун атайын сыйлыгына татыган. Мындан тышкары «Акыркы көч» тасмасы Иранда өткөн FAJR кинофестивалына , Asia Film Art фестивалына, Малайзияда өткөн KLIFFS сынагына, Андрей Тарковский атындагы «Зеркало» кинофестивалына катышып, алдыда боло турчу Бухарест жана Киношок фестивалдарына жолдомо алган.