«Ата Мекен» жана «Реформа» шайлоого бирге катышуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат

Сүрөт: «Реформа» партиясы

«Ата Мекен» жана «Реформа» партияларынын лидерлери жана өкүлдөрү 2-сентябрда жолугушту. Анда парламенттик шайлоонун алдында биригүү тууралуу маселе каралды.

«Реформанын» мүчөсү Рита Карасартова «Клоопко» учурда «партиялар бирикти» деп айтуу эрте экенин билдирди. Анын айтымында, тараптар биригүүнүн шарттарын сүлөшүп жатышат, бирок акыркы чечим кабыл алына элек.

Ал эми Сооронкулова «Клоопко» курган маегинде «Реформа» партиясы 3-сентябрда шайлоого катышуу тууралуу билдирмени Боршайкомго бере турганын айтты. «Ата Мекен» билдирмени 1-сентябрда берген.

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону 28-ноябрга дайындады. Учурда шайлоого катышуу ниетин 37 партия билдирди — билдирүүлөр 3-сентябрь саат 18:00го чейин кабыл алынат.

Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат беш жылга шайланат. Депутаттардын 54ү партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ менен шайланышат.

2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» 4,08%, ал эми «Реформа» 1,66% добуш алышкан. Эки партиянын мүчөлөрү тең 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп ацияга чыккан саясий партиялардын арасында болушкан. Натыйжада октябрь окуялары бийликтин алмашуусун шарттаган.

Негизинен митингчилер шайлоо учурунда добуш сатып алуу болду жана административдик ресурс колдонулду деп нааразы болушкан. Шайлоодо мыйзам бузуулардын көпчүлүгү бийликчил делген «Биримдик», таасирлүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык «Мекеним Кыргызстан» жана бийликке жакын болгон «Кыргызстан» партиялары тарабынан катталган.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык, аталган үч партия Жогорку Кеңештеги 120 мандаттын 107сине ээ болушкан. Митингчилер Ак үйдү басып алышып, камакта отурган бир катар саясатчылар бошотулган — алардын арасында Садыр Жапаров да болгон.

Жыйынтыгында БШК шайлоону жокко чыгарган. Ал эми Жапаров бийликке келип, президенттик шайлоо менен катар өлкөнүн башкаруу формасы боюнча референдум өткөргөн. Андан кийин жаңы Конституция кабыл алынып, анын авторлору парламенттин укуктарын азайтып, президенттин укуктарын эбегейсиз кеңейткен.