COVID-19: Акыркы суткада төрт бейтап каза болуп, 126 жаңы учур катталды

Бишкек, 2020-жылдын июль айы. Сүрөт: Владимир Воронин/AP

Кыргызстанда 5-сентябрга карата коронавирустун 126 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаарында — 46;

Ысык-Көл облусунда — 38;

Чүй облусунда — 25;

Талас облусунда — 10;

Баткен облусунда — 12;

Жалал-Абад облусунда — 4;

Нарын облусунда — 2.

Ошондой эле акыркы суткада 127 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Мындан сырткары, акыркы суткада коронавирус жуктурган төрт бейтап каза болду.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 176 миң 473кө жетти. Ал эми өлкө боюнча 170 миң 523 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери илдеттен жалпы 2 550 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 875 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 1 072.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 5-сентябрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 3 344 адам, ал эми экинчи дозасын 6 068 адам алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.