Бишкек: Көк-Жар конушундагы жеке үйдөн ири суммадагы акча уурдагандар кармалды

Бишкек шаарындагы Көк-Жар конушундагы жеке үйлөрдүн биринен 50 миң 600 долларды уурдоого шектелип төрт жаран кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 6-сентябрда Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, милиция кызматкерлерине борбор калаада көптөн бери уурулук менен алектенип жүргөн адамдар тууралуу маалымат түшкөн. Ошондой эле, ыкчам-издөө аракеттеринин натыйжасында, кылмыштуу топ 2-августтан 3нө караган түнү Көк-Жар конушундагы жеке турак жайдын биринен ири суммадагы акча уурдоого катыштыгы болушу мүмкүн экени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин «Уурулук» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Милиция кылмышкерлердин изине түшүп, борбор калаанын аймагынан шектүү катары төрт жигит колго түштү. Алардын жаш курагы 23, 22 жана 18де экени айтылды. Кармалгандар Бишкек ШИИББнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн кошумча тергөө аракеттери жана ыкчам чаралар улантылууда.

Буга чейин үстүбуздөгү 27-февралында Ош облусунун Кара-Суу шаарынын 55 жаштагы тургунун бычактап, үйүндөгү сейфти уурдап кеткен эки киши кармалган. Ал эми жабырлануучу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө алган жаракаттарынан улам каза болгон.