Кара-Суу: 55 жаштагы аялды уктап жаткан жеринен бычактап, сейфти уурдап кеткен эки киши кармалды

Сүрөт: Ош ОИИБинин басма сөз кызматы

Ош облусунун Кара-Суу шаарынын 55 жаштагы тургунун бычактап, үйүндөгү сейфти уурдап кеткен эки киши кармалды. Жабырлануучу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө алган жаракаттарынан улам каза болгодугу белгилүү болду.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы маалымдагандай, шектүүлөр аталган шаардын тургундары болуп чыкты. Учурда алар Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуя 27-февралда орун алган.

«Саат 05:00 чамасында белгисиз эки атуул беттерине чүмбөттөрүн кийип, Кара-Суу шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги турак үйүнө мыйзамсыз кирип, үйдүн бөлмөсүндө уктап жаткан кишини өздөрү менен бирге алып келген жыгач таяк менен башына уруп, андан кийин бычак сайып, окуя болгон жерден издерин жашырып качып кетишкен», — деп билдирди Ош ОИИБиден.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, тергөө амалдары башталды. Ыкчам тергөөнүн алкагында кармалган шектүүлөрдүн жашаган үйүнөн ачыла элек бир даана темир сейф, бычак жана бет чүмбөттөр табылган. Алынган буюмдарга соттук-криминалистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.

Буга чейин өткөн жылдын 6-ноябрында Кара-Суу районунда 5,5 млн сомдон ашуун акча карактоого шектелип 36 жана 29 жаштагы кишилер кармалган. Алар 41 жаштагы тургундун 5 млн 186 миӊ сомун, 2500 АКШ долларын, 130 миӊ рубль акчасын тоноп кетишкен. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери шектүүлөрдү дээрлик 20 күндөн кийин кармашкан.

Ошондой эле 6-январда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 39 жаштагы аялдын үйүнө беткапчан кишилер кирип, бычак менен коркутуп тоноп кеткен үч киши кармалган. Милициянын маалыматына ылайык, кармалгандар жабырлануучуга күч колдонуп колу-бутун байлап, үйүндөгү 100 миң сом акчасын жана баалуу алтын буюмдарын алып, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.

Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 31 жаштагы, Ноокат районунун 32 жаштагы жана Кызыл-Кыя шаарынын 26 жаштагы тургундары кармалды. Алардын экөө буга чейин оор беренелер менен соттолгону аныкталган.