Бишкекте аялды кыйнап өлтүрүүгө шектелген адам кармалды

Бишкектеги Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы аймактык тескөөчүлөр адам өлтүрүүгө шектүү жаранды кармаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрда эртең мененки саат тогуздарда милицияга Көк-Жар конушундагы үйлөрдүн биринен күч колдонуп өлтүрүлгөн аялдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Милициядан кабарлашкандай, көп өтпөй ИИМдин аймактык тескөөчүлөрү 30 жаштагы шектүүнү кылмыштын изи сууй электе кармады. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Кармалган адамдын көрсөтмөлөрүнө караганда, ал кылмышка барган учурда мас абалында болгон. Сөз талаша кетип, М.З аттуу аялдын күрөө тамырын оор буюм менен кысып салган. Жабырлануучу ошол жерде жан берген», — деп билдиришти РИИБден.

Ошондой эле, милициядан ишке тиешелүү бардык экспертизалар дайындалганын кошумчалашты.

Дагы окуңуз:

Чүй облусунда 60 жаштагы аялды өз үйүндө бычактап өлтүргөндөр изделүүдө