Чүй облусунда 60 жаштагы аялды өз үйүндө бычактап өлтүргөндөр изделүүдө

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Степное айылындагы үйлөрдүн биринен 60 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу «Клоопко» 6-сентябрда Чүй ОИИББнын маалымат катчысы Назира Имангазиева билдирди.

Имангазиеванын айтымында, Жайыл РИИБнын нөөмөт бөлүмүнө Степное айылында аял кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин, жерине барган ыкчам иликтөө тобу үйдүн артынан бычакталып өлтүрүлгөн аялдын сөөгүн табышкан.

«Окуя боюнча кошуналары суралган. Алар каза болгон аялдын үйүнөн түтүн чыгып жатканын көрүп кирип барышкан. Анда уктоочу бөлмөдөгү матрац түтөп жаткан. Кошуналары матрацты сыртка алып чыгып, дароо аялдын тууганына кабарлашкан. Көп өтпөй үйдүн жашоочусунун сөөгүн табып, милиция чакырышкан», — деди Имангазиева.

Ошондой эле, ал тергөөнүн жүрүшүндө аялдын денесинде бычактын изи байкалганын, ал эми маркумдун үйү өрттөлдү деген маалымат чындыкка дал келбесин кошумчалады.

Аталган факты КЖБРге «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында Бишкек шаарынын 35 жаштагы тургуну аялын өлтүрүп, ээн жерде сөөктү жашырып жаткан жеринен кармалган.