Айзаданын өлүмү: Прокурор айыпталуучуларды 7 жылга чейин кесүүнү сурады, адвокаттар макул эмес

Биринчи май райондук сотунда 6-сентябрда Айзада Канатбекованын уурдалышы боюнча кезекеги сот отуруму өттү. Кыздын уурдалышы анын зордукталып, андан соң өлүмү менен аяктаган.

Бул иш боюнча беш адам айыпталууда, тергөө аларды кыз уурдоого тиешеси бар деп эсептейт. Алар: Кубаныч Токон уулу, Замирбек Раманкулов, Ажикабыл Рысбай уулу, Орозбек Нурумбетов жана Сыймык Молдосариев.

Беш айыпталуучунун төртөө буга чейин кылмыш жообуна тартылып, айрымдары соттолгон.

Буга чейинки отурумдарда айыпталуучу Орозбек Нурумбетов күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Замирбек Раманкулов болсо өзүн айыптуу деп эсептебейт, ал эми калгандары күнөөсүн жарым жартылай мойнуна алышкан.

Айзада Канатбекованын уурдалышы боюнча 11-июндагы сот отуруму. Сүрөт: Айдай Токоева / «Клооп»

Жарыш сөз

Буга чейин, 13-августтагы сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу соттон бардык шектүүлөрдү «Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан уурдоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп табууну суранган.

Прокурор айым соттон Нурумбетовду жети жылга, Молдосариевди алты жылга, калгандарын алты жарым жылга эркинен ажыратууну суранган.

«Кан төгүүнүн кереги жок»

6-сентябрдагы сот отурумунда маркумдун апасы Назгүл Шакенова баштаган жабырлануучу тараптын адвокаттары судьядан соттолуучуларды 7,5 жылга колонияга кесүүнү өтүнүштү. Бешинчи соттоолуучу Сыймык Молдосариевге карата өкүмдү соттун өз эркине калтырышты.

«Кан төгүүнүн кереги жок. Мен бул маселени Айзаданын апасы менен талкууладым. Бизге жазаланганы маанилүү, бирок ырайымсыздык андан ары өрчүп кетишин каалабайбыз. Иштин жагдайларынан ал [Молдосариев] эмне кылып жатканын өзү деле анча түшүнбөгөнүн көрүп турабыз [...] башка айыпталуучулар чоңдугун салып, манипуляциялап, өздөрү менен чогу алып жүрүшкөн», — деп түшүндүрдү адвокат Нурбек Токтакунов «Клоопко» курган маегинде.

*Буга чейинки сот отурумунда Молдосариевдин адвокаты ал кызыкчылыгын коргоп жаткан жигит «кем акылдык, артта калгандык көрүнүштөгү өнөкөт-психикалык оорусунан» жабыркаганын айткан. Бирок эксперттер корутундусунда айыпталуучу буга карабастан кылмыш жасап жатканда эмне кылып жатканын түшүнгөн, өзүн башкара алмак, ошондуктан «аны акыл эси ордунда деп эсептөө керек» деген бүтүм чыгарган.

Ошондой эле, жабыркаган тарап соттон келтирилген моралдык зыян үчүн ар бир айыпталуучудан 100 миң сомдон өлгөн кыздын энесинин пайдасына өндүрүп берүүнү суранган.

«Мамлекеттик айыптоочунун позициясына карабай, биз материалдык жана моралдык чыгымдын суммасын аныктоону суранабыз. Жабыркаган тарап келтирилген чыгымдын бардык маалыматтарын беришти. Алар тажыяны уюштурууга жумшаган», — деди Токтакунов сот отурумунда.

Жазаны жеңилдетүү үчүн кайра квалификациялоо

Айыпталуучулар Замирбек Раманкулов, Кубанычбек Токон уулу жана Ажикабыла Рысбай уулунун адвокаттары «Адам уурдоо» беренесин «Кылмышты жашыруу» кылып кайрадан квалификациялоону суранышты. Алардын айтымында, тергөө беренени туура эмес койгон жана айыпталып жаткан жарандардын иш-аракетинде бул беренеге төп келген кылмыштын белгилери жок.

Раманкуловго болсо адвокаты пробациялык көзөмөл өкүмүн чыгарууну суранды.

«Менин кардарымдын сот отурумунда жана тергөөдө берген көрсөтмөлөрүнөн ал Айзада Канатбекованы уурдабаганы көрүнүп турат. Ал унаада жүргүнчүлөр отурган жерде отурган, эч нерсе кылган эмес. […] Кантип ордунан жылбай туруп адам уурдайт? […] Ошону менен бирге, ал кылмыш тууралуу билген жана укук коргоо органдарына кабарлаган эмес », — деди айыпталуучу Кубаныч Токон уулунун адвокаты Нурсултан Утегенов.

Соттолуучу Орозбек Нурумбетовдун адвокаты болсо аны күнөөлүү деп таап, эң төмөнкү жаза мөөнөтүн берүүнү суранды. Ал соттон Нурумбетовдун күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташканын эске алууну өтүндү.

Молдосариевдин адвокаты кызыкчылыгын коргоп жаткан жаранды «жагдайдын курмандыгы» деп атап, «өнөкөт кем акылдык менен жабыркагандыктан», аны кылмыш жоопкерчилигинен бошотууну суранды.

Айыпталуучулар акыркы сөзүндө, жасаган иши үчүн өкүнүп жатканын жана «мындай болуп кетет деп ойлобогонун» айтышты. Алардын айтымында, айыпталуучулар Замирбек Теңизбаевдин пландары тууралуу билген эмес. Тергөөнүн версиясы боюнча, маркум Теңизбаев Айзада Канатбекованы уурдап, зордуктап, андан соң өлтүргөн.

Алар Теңизбаев Айзада менен чогу түшкөн сүрөттөрүн көрсөтүп, «кыз дагы, жакындары дагы ала качууга каршы эмес» деп айтканын белгилешкен.

Айыпталуучуларга карата өкүм 14-сентябрда чыгышы керек.

Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү

Айзада Канатбекованы уурдоо учуру байкоочу камерага түшүп калган.

Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы саат 5те уурдалган. Арадан эки күн өткөн соң, 7-апрелде Бишкектин чет жакасындагы талаадан чабан машинаны байкап ал жерден кыздын, ал эми жанында аны уурдап кеткен адам Замирбек Теңизбаевдин сөөгү табылган. Милиция Теңизбаев кызды муунтуп, андан соң өз жанын кыйганын билдирген. Кийинчерээк Теңизбаев Айзаданы өлтүрөөр алдында зордуктаганы белгилүү болгон.

Айзада Канатбекованы уурдоого беш адам жардам берген — эки жолу соттолгон Кубаныч Токон уулу менен Замирбек Раманкулов, бир жолу соттолгон Ажикабыл Рысбай уулу, кылмыш жообуна тартылган Орозбек Нурумбетов жана буга чейин бир да жолу сот жообуна тартылбаган Сыймык Молдосариев.

Айыпталуучулардын баарына «Алдын ала сүйлөшүп алуу менен адамдардын тобу менен уурдоо» беренеси боюнча айып тагылууда.Орозбек Нурумбетов күнөөсүн толук мойнуна алды. Раманкулов күнөөсүн мойнуна алган жок, калган шектүүлөр күнөөсүн жарым-жартылай моюндашты.

Тема боюнча:

Айзаданын өлүмү. Адвокат Токтакунов милицияны жасалма документ жасоого айыптады

Айзада Канатбекованын өлүм убактысын аныктоого мүмкүн болбоду. Сот уланууда