УКМК: Президенттик аппараттын башчысынын экс-орун басарынын 70 млн сомдук мүлкү аныкталды

Алмамбет Салиев

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун аппаратынын башчысынын мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин иши боюнча тергөө аяктап калды. Бул тууралуу 7-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Салиев үстүздөгү жылдын 17-июнунда «Мыйзамсыз баюуга» шектелип кармалган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Салиев мамлекеттик кызматтарды ээлеген кезде туугандарына жана жакын адамдарына 70 млн сомдук мүлкүн каттаган — бул анын расмий кирешесинен кыйла жогору деп билдиришти УКМКдан.

«[Салиев] коррупциялык көрүнүштөргө тиешеси бар экени жана пайда көрүү үчүн укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө кийлигишкени тууралуу маалыматтарды текшерүүгө багытталган тергөө аракеттери жүрүп жатат», — деп билдиришти УКМКдан.

Атайын кызмат Салиевге байланыштуу иштин тергөөсү акыркы стадияда турганын жана жакынкы арада ал сотко өткөрүлөрүн билдирди. Ал 16-октябрга чейин УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди.

«Көмүскө кардинал»

Алмамбет Салиев — 2017-жылдын 11-декабрында экс-президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан президенттик аппараттын башчысынын орун басарлыгына дайындалган.

Салиев кызматка келгенден кийин 2018-жылы ЖМКда ал соттордун, прокуратура жана укук коргоо органдарынын ишин тескейт деген божомолдор айтыла баштаган.

Маалыматта «кимди камап, кимди соттош керектиги» дал ушул Салиевдин иш бөлмөсүндө чечилет деп белгиленген. Ал тургай Салиев «көмүскө кардинал» деген да атка конгон, себеби анын каалгасынын оозунда башкы прокурор баштаган чиновниктер тапшырма алуу максатында кезек күтүп жүрүшкөнү айтылган.

Салиевдин жардамчысы жетекчисинин соттордун, укук коргоо органдарынын жана прокуратуранын ишине кийлигишет деген маалыматты четке каккан. Ал эми Сооронбай Жээнбеков бул «жигитти» жакшы тааныйм деп билдирген.

«Ал андай иштерге барбайт деп ишенем», — деп билдирген Жээнбеков ошондо.

Бирок Салиевди «көмүскө кардинал» деген сөздөр токтогон эмес. Үстүбүздөгү жылдын 8-мартында зомбулукка каршы марштын катышуучуларына ак калпак жана беткап кийген белгисиз адамдар кол салышкан. Милиция кызматкерлери митингге чыккан аялдарды кармап, кол көтөргөн эркектерге эч кандай чара көргөн эмес.

Буга байланыштуу 2020-жылы 11-мартта Конституциялык палатанын мурдагы судьясы жана «Реформа» партиясынын төрайымы Клара Сооронкулова «Азаттыкка» маек курган.

Анда Сооронкулова кол салгандардын милиция кызматкерлери менен байланышы бар экенин 100 пайыз ишенимдүү айта алам деп билдирген. Алардын жоругу «күч органдарынын ишин көзөмөлдөгөн» президенттик аппараттын башчысынын орун басары Алмамбет Салиевдин уруксааты жок болбой турганын кошумчалаган.

Ал эми 2020-жылдын 15-октябрында мурдагы депутат жана активист Ширин Айтматова твиттерде өзүнө карата кайрадан коркутуулар башталып, үй-бүлөсүн сот органдары аркылуу куугунтуктап жатышканын жазган. Ал твиттеринде Алмамбет Салиевдин атын атаган.

«Алмамбет Салиев эки күн мурда эле жолдошумдун камакка алынышына байланышкан маселени чечүүгө үчүн талаптарын айттырып жибериптир. Анын талабы – Садыр Жапаровду тынчытуу жана президентти мактоо», — деп жазган Айтматова.

Салиевди кызматынан 2020-жылдын 20-октябрында ал убакта президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров бошоткон.