Карамушкина бийликтен «кош стандарттуу» мамилени токтотууну талап кылды

8-сентябрдагы парламент жыйынында депутат Ирина Карамушкина айрым саясатчыларды куугунтуктоо, телефондорун тыңшоо жана «кош стандарттуулук» өңдүү маселелерди көтөрдү.

«Кылмыш иши козголгон беш депутат бар. Асел Кодураңова экөөбүз эки жылдан бери үй камагындабыз. Тилекке каршы сот иштери ордунан жылбай турат. Эмне болуп жатканын эч жерден биле албай койдук, биздин кайрылууларыбызга көңүл бурушпайт», — деди Ирина Карамушкина.

Ал «ордунан козголбогон» сот иштери үчүн депутаттык ишмердүүлүгүн аткара албаганына нааразы.

«2020-жылдагы 5-6-октябрдагы окуяларынын “уюштуруучусу” катары телефон сүйлөшүүлөрү тыңшоого алынган 100 адамдын катарында мен да бармын. Сот кандай жүйө менен тыңшоого уруксаат бергенин мен дагы билгим келет», — деп суроо узатты ал.

* ИИМ 100гө жакын адамдын, анын ичинде активисттер жана саясатчылардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого алган. «Тыңшалып» жаткандардын арасында: парламент депутаттары Дастан Бекешев жана Каныбек Иманалиев, «Социал-Демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, оппозициячыл Равшан Жээнбеков, мурда президенттикке талапкер болгон Курсан Асанов менен Абдил Сегизбаев жана башкалар бар.

Ал эми активисттерден Тилекмат Күрөңов, Улан Үсөйүн, Урмат Жаңыбаев, Нурсултан Акылбеков жана башкалар тыңшоого алынган. Ошондой эле укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров менен Рита Карасартова дагы бул тизмеде.

2020-жыл 5-октябрь. Сүрөт: Клооп

Карамушкина 5-6-октябрдагы нааразычылыктын толкуну менен «жаңы бийлик» келгенин — президент Садыр Жапаров колониядан бошонуп, чоң саясатка кайтып келгенин белгиледи.

«Эмне себептен бул иш-чараларды [2020-жылдын 5-6-октябрындагы нааразылык акциялары] уюштурган адамдарды бүгүн издеп жатышат? Бул жаңы бийликтин кандайдыр-бир парадоксубу!» — деди ал.

2020-жылдын 6-октябры. Колониядан бошотулган Садыр Жапаров жана анын тарапташтары. Сүрөт: Клооп

Ошол эле учурда, Карамушкина 2020-жылдын 9-октябрында мурдагы президенттин өмүрүнө кол салуу боюнча Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары укук коргоо органдарына бир нече жолу кайрылганын айтып жатат.

*Анда бейтааныш киши саясатчынын унаасына ок чыгарган. Пистолет кармаган колу жана даана түшпөй калган бетинин сүрөтү камерада калганы менен ким экени белгисиз бойдон калган.

«Тергөө эч нерсе кыла алган жок, бардык видеолордо ок аткан кишинин сүрөтү турса деле кайра эле жооп жок [...]. Ал эмне болгон киши? [...] Эмнеге куралчан киши аянтка келди? Анан калса, мен дагы 9-октябрда аянтта болчумун, кайсы топ, кимдин тобу, кимдин ырын ырдаганын көрүп тургам», — деп билдирди Карамушкина.

2020-жылдын 9-октябры. Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов. Сүрөт: Клооп

*Атамбаев 2020-жылдын 9-октябрында Ала-Тоо аянтындагы башаламандыктарды уюштурууга да айыпталган. Алмазбек Атамбаев менен экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапташтары ошол кездеги премьер-министрдин м.а. Садыр Жапаровдун тарапташтары менен кагылышкан. Ошондой эле «Ата Мекен» партиясынын талапкери Тилек Токтогазиев башынан жаракат алып, Темир Сариевдин жан сакчысы жабыркаган.

Жеринде иштеген журналисттердин айтымында, демонстранттарга кол салгандар Жапаровдун колдоочулары болгон.

«Алар аянттагы митингчилерди кубалап жүрүшкөн. Эмнеге жоопко тартылбайт? Эмнеге аларды тыңшоого алышпайт? Эмнеге мындай кош стандартуу мамиле?» — деп суроо узатты депутат айым.

Ал «өлкөнүн жаңы жетекчилигинен» «бул биздики, бул силердики, муну иликтейбиз, булар түрмөгө отурушат, а буларга аскердик чин менен генералдык наам берилет» дебестен, мыйзам нормаларын сактоону талап кылды.