«Кыргыз көмүр» мамишканасына Мирлан Жакыпов жетекчи болуп дайындалды

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп Мирлан Жакыпов дайындалды. Жаңы жетекчини жамаатка Энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев тааныштырды. Бул тууралуу 8-сентябрда аталган ишкананын басма сөз кызматы маалымдады.

Мирлан Жакыпов бир ай мурун «Кыргыз көмүр» ишканасына директор болуп дайындалган Марат Турдубаевдин ордуна келди. Ал эми Марат Турдубаев өз арызы менен кызматтан кетти.

Мирлан Жакыпов деген ким?

51 жаштагы Мирлан Жакыпов Нарын облусунун Жумгал районунунда туулган. Ал Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган.

Жакыпов 2014- жылы «Кыргыз көмүр» ишканасынын жетекчисинин орун басары, 2015-жылы директор болуп дайындалган. Ага 2016-жылы «35 миллион сомду кымырып алган» деген айып тагылып, ошол кездеги премьер-министрдин буйругу менен 17- январда убактылуу кызматтан алынган.

Мирлан Жакыповду жоопко тартуу маселеси Жогорку Кеңештин сессияларында да көтөрүлгөн. Бирок Жакыповдун күнөөсү сотто далилденбей соттук иш жабылган.

2020-жылы Жакыпов «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан.

«Кыргыз көмүр» ишканасындагы коррупция

3-августта УКМК «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев менен «Кара-Кече» филиалынын эсепчисин коррупцияга шектеп кармаган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, шектүүлөр «Кара-Кече» кенинен казылган көмүрдү сатууда туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн.

5-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Ашырбаевди 3-октябрга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камоо тууралуу чечим кабыл алган. Ушундан кийин мамлекеттик ишканага Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Марат Турдубаев жетекчи болуп келген болчу.