Коррупцияга шектелип кармалган «Кыргызкөмүрдүн» жетекчиси эки айга камалды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: «24.kg»

Коррупцияга шектелип кармалган «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев үстүбүздөгү жылдын 3-октябрына чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 5-августта кабыл алды.

Ашырбаев 3-августта УКМК тарабынан коррупцияга шектелип кармалган. Атайын кызмат ага «Кара-Кече» кенинен казылган көмүрдү сатууда туруктуу коррупциялык схема түзгөн деп айып таккан. Тергөөнүн версиясына ылайык, Ашырбаев ишкана тарабынан казылган көмүрдүн көлөмүн 370 миң тоннага, ал эми акчасын 600 млн сомго аз көрсөткөн.

Ашырбаев кармалгандан кийин 5-августта «Кыргызкөмүрдүн» эмгек жамааты президент Садыр Жапровго кайрылышкан. Алар жетекчисине жалган жалаа жабылып, тергөө кызматы анын күнөөсүз экенин көрсөткөн фактыларды эске албай жатканын белгилешкен.

«Ишкананын мындай көлөмдөгү көмүрүн уурдоо мындай турсун, аны Бишкектеги ЖЭБке жеткирүү үчүн жетиштүү ресурстары жок. Анткени бул көлөмдөгү көмүргө 18 500 унаа керек», — деп жазышкан алар кайрылууда.«Кыргызкөмүрдүн» директору менен кошо 3-августта «Кара-Кече» филиалынын эсепчиси да кармалган, ал дагы коррупцияга шектелип жатат. 

Тема боюнча:

«Кыргызкөмүрдүн» директору менен «Кара-Кеченин» эсепчиси коррупцияга шектелип кармалды

«Кыргызкөмүрдүн» жамааты коррупцияга шектелип кармалган жетекчиси боюнча президентке кайрылды