Жанар Акаев КРТКнын ишин депутаттардын эффективдүүлүгүнө салыштырды

Депутат Жанар Акаев жыйында КТРКнын ишин парламенттин алтынчы чакырылышын эффективдүүлүгү менен салыштырды.

Анын айтымында, «элде кандайдыр бир арман болсо, коррупциялык схемаларды билсе коомго үнүн жеткирүү үчүн КТРКга же депутаттарга кайрылышпайт».

«Чынын айтканда КТРК менен депутаттар окшош эле. Ал жагынан силерге чоң доомат коё албайбыз», — деди ал 8-сентябрдагы парламент жыйынында.

Ал КТРК менен «жарандык» журналистиканы салыштырып, жарандык журналисттер эффективдүү экенин белгиледи.

«Блогерлер, ютюберлер. Көйгөйү болсо эл Ыдырыс Исаков менен Али Токтакуновго кайрылат да», — деди «Азаттыктын» мурдагы журналисти Акаев,

Анын айтымында, түз эфирлерди чагылдырууда КТРКнын сапаты жылдан-жылга артып жатат. Андыктан телекорпорация парламенттик шайлоону даярдоодо чоң роль ойной алат.

Акаев азыр жарандар преференциалдык шайлоо системасы эмне экенин билбей турганын жана КТРКга шайлоочуларды даярдоо үчүн үч ай убакыт берилгенин айтты.

Парламенттик шайлоо — 2021

Президент Садыр Жапаров 29 августта жарлыкка кол коюп, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүн 2021-жылдын 28-ноябрына бекитти.

Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алар 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Анын ичинде ар бир төртүнчү мандат гана аялдарга берилет.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасынын негизинде өтөт.

Анда 54 депутат партиялык тизме боюнча, ал эми 36сы бир мандаттуу округ боюнча шайланып келет.