Ош облусунун башчысы Алайдагы жаңы мектептин курулушун сындады

Ош облусунун башчысы Сабир Төрөшев атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу менен таанышып жаткан учурдан кадр. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов Алай районунун Коммунизм айылындагы Сабир Төрөшев атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушун сынга алды.

«Турмуш» басылмасы жарыялаган видеодон ал мектептин сырты жакшы сырдалбаганын айтып, класстын шыптарында тешиктерди бүтөөнү талап кылганын көрүүгө болот. Ошондой эле, ал жарык берүүчү каражаттар кыйшык орнотулганын белгилеп, окуунун ачылышына чейин кемчиликтерди жоюну айткан.

«Бул жаңы мектеп да туурабы? Бирок мектепти көрүп туруп жаңы деп айта албайсың. Мисалы, мен айтмак эмесмин. Эмнеге сырды аяйсыңар!? Айнек да сынык [...] Мектептин жаңы экени көрүнүп, балдар да мектепке жакшы маанай менен келиши керек да туурабы? Курулуш сапаттуу болушу керек да», — деген Жамалдинов.

Мектептин мурунку имараты авариялык абалга келгендиктен, жаңы мектеп куруу чечими кабыл алынган. Ага мамлекеттик бюджеттен 45 млн сом бөлүнгөн.

Ош облустук курулуш башкармалыгынын жетекчиси Дамир Калыкбердиев «Клоопко» аталган мектептин курулушу толук аяктай электигин билдирди. Анын айтымында, мектептин окуу корпусу 15-сентябрга чейин бүткөрүлүп, колдонууга берилет.

«Ал эми мектептин ашканасы, спорт залы, спорт аянтча жана жылытуу системасы октябрь айына бүткөрүлөт. Бул план боюнча ошондой түзүлгөн. Жамалдинов айткан кемчиликтер бул окуу корпусу боюнча айтылган. Алардын баары 15-сентябрга чейин бүтөт. Азыр курулшчулар үчүн ар бир саат маанилүү», — деп түшүндүрдү Калыкбердиев.

Калыкбердиевдин айтымында, орто мектептин курулушу 2020-жылдын аягында башталган. Курулуш иштерин «Сапат-Нур» ЖЧКсы аткарган. Анын директору Алтымыш Мамытаев. Аталган компания Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катталган. Мамытаевге көмүр казган «Кара-Кокту» компаниясы да таандык.

Кыргызстанда 204 авариялык абалдагы мектеп бар. Бул өлкө аймагындагы 2000ден ашуун мектептин ар бир онунчусу кооптуу дегенди түшүндүрөт.

Анын ичинен 65и Ош облусунда жайгашкан. Көпчүлүк авариялык мектептер айыл жергесинде орун алган.