«Агасынын тажыясына келген». Ош аэропортунда Орозайым Нарматованы кармап кетишти

Орозайым Нарматова

Күч органдары «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованы 10-сентябрда Ош эл аралык аэропортунан кармап кетишти. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы билдирди.

«Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Улан Канат уулу «Клоопко» кабарлагандай, Нарматованы таңкы саат 5:00 чамасында кармап кетишкен. Ал Нарматованы ИИМдин кызматкерлери кармап, Бишкекке унаада алып кеткени тууралуу маалымат бар экенин айтты. Ошондой эле ал активисттин жанында адвокаты жок экенин белгиледи.

«Эч кандай кылмышка же кандайдыр бир нерселерге аралашып, шектүү катары өткөн эмес. Биздин оюбузча бир гана саясий себеп — анын айткан сын-пикири ошого себеп болгон деп ойлобуз», — деди Канат уулу.

Ошондой эле Канат уулу Нарматова Ошко агасынын сөөгүн алып келип, жерге бергенден кийин кайра Орусияга кайтып жатканда кармалганын кошумчалады.

ИИМдин басма өз кызматынан бул тууралуу маалымат Ош шаардык ички иштер башкармалыгында бар болгонун билдиришти. Ал эми Ош ШИИБден алардын кызматкерлери Нарматованы кармабаганын кабарлашты. Ошондой эле, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен Нарматованын кармалышы боюнча маалымат такталып жатканын кошумчалашты.

«Бүтүн Кыргызстандын» өкүлдөрү 10:00дө Ош ШИИБдин имаратынын алдында нааразычылык акциясын өткөрөт.

Орозайым Нарматова өзүнүн соцтармактагы баракчаларынан бийликтин аракетин активдүү сындап келет. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен барган.

Ага чейин ал учурдагы президент Садыр Жапаров негиздеген «Мекенчил» партиясынын тең төрайымы болгон. Нарматова «Клоопко» берген интервьюсунда анын партиядан чыгып кетүүсүнө башка мүчөлөр ошол кезде президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбековду колдоп кеткени себеп болгонун айткан.

Үстүбүздөгү жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «президент жана кызматта турган кишилерди сындагандар» жоопко тартыла тураганын билдирген. Ташиевдин айтымында, учурда коомчулукта «радикалдаштыруу» жүрүп, мамлекеттик төңкөрүшкө «үндөгөндөр» да бар — УКМК алардын баарын «каттоого алып жатат» деген Ташиев.

«Азыр өлкөнүн ичиндеги жана чет өлкөдөгү ар бириңер жазылып, ар бириңерди каттоого алып жатабыз. Ошондой эле азыр чет өлкөдөгүлөрдү бул жака алып келүү боюнча башка өлкөлөр менен келишим түзүлүп жатат. Ошондуктан урматтуу жарандар, токтоткула! Коомчулукту радикалдаштыруунун, төңкөрүшкө чакыруунун кереги жок. Мунун жыйынтыгы аянычтуу болуп калышы мүмкүн», — деп эскерткен ал.

Анткен менен Ташиевдин бул билдирүүсү соцтармактарда кескин сынга алынып, ал эми юристтер «өлкө башчысынын дарегине айтылган негативдүү билдирүүлөрдү талдоо УКМКнын иши эмес» деп айтышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Орозайым Нарматова: Садыр Жапаровду айланасындагылар аңга түртүп кетээрине шегим жок

Орозайым Нарматова: «Мурдагы Садыр Жапаров азыркы Садыр Жапаровго каршы келет»