Камчыбек Ташиев бийликти сындагандар жоопко тартыларын эскертти

Камчыбек Ташиев

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы басма сөз жыйынында президентти жана кызматта турган кишилерди сындагандар жоопко тартыларын эскертти.

«Азыр өлкө башчыны жана башка кызматтагы адамдарды айыптап, жалаа жаап жаткан интернетте отургандардын бардыгы качандыр бир күнү жоопко тартылат», — дейт ал.

Анын айтымында, учурда коомчулукту «радикалдаштыруу» жүрүп, мамлекеттик төңкөрүшкө «үндөгөндөр» да бар. Ташиев «алардын баары учурда каттоого алынып жатат» деп билдирди.

«Азыр өлкөнүн ичиндеги жана чет өлкөдөгү ар бириңер жазылып, ар бириңерди каттоого алып жатабыз. Ошондой эле азыр чет өлкөдөгүлөрдү бул жака алып келүү боюнча башка өлкөлөр менен келишим түзүлүп жатат. Ошондуктан урматтуу жарандар, токтоткула! Коомчулукту радикалдаштыруунун, төңкөрүшкө чакыруунун кереги жок. Мунун жыйынтыгы аянычтуу болуп калышы мүмкүн», — деп коркутту ал.

Мындан сырткары Ташиев «Жогорку Кеңеште ар дайым [Түркиянын чалгындоо кызматы уурдаган - ред.] Орхан Инанды үчүн жооп бересиңер деп айткан депутат бар» деп, «сиз дагы жооп бересиз» деп айтты. Бирок УКМКнын төрагасы кайсыл депутат жөнүндө сөз болуп жатканын ачыктаган жок.

«Эч ким сөз эркиндигин чектей алган эмес!»

Ташиевдин бул билдирүүсү соцтармактарда кескин сынга алынды. Интернет колдонуучулар «эч ким сөз эркиндигин чектей алган эмес» деп УКМКнын башчысын сынга алышты.

«Ташиев мырза, төшү түктүүнүн да төшү түктүүсү болот. Өзүңдү эр ойлосоң, бирөөнү шер ойло дейт. Буга чейинкинин баары силерге окшош ойлонуп, коркутуп, чектеп, камап башкарабыз деген. Баары жаңылышты, силер да жаңылышасыңар. Кыргыздын эркин ой жүгүртүүсүүн, эркин сөзүн эч ким, эч качан чектей алган эмес! Ойноп сүйлөсөң да, ойлонуп сүйлө дейт кыргыз!», — деп жазды фейсбук баракчасында активист Улан Үсөйүн.

Ал эми депутат Дастан Бекешев президентти сындаган адам кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт дейт.

Анын айтымында, эгер кимдир бирөө президентти кайсы бир кылмышты жасады деп айтса — эгер ал чындыкка дал келбесе — жалган маалымат таратууга айыптап аны жоопко тартса болот.

Ошондой эле ал Башкы прокурор президенттин макулдугу менен өлкө башчынын абийирине шек келтиргендерди жарандык тартипте жоопко тарта аларын айтты.

«Башкача айтканда жарандар бийликти сындаса болот. Мисалы эгер кургакчылык, кризис же башка көйгөйлөр болуп жатса эмне үчүн унчукпоо керек? Алар бул тууралуу айтууга милдетүү, коркпошу керек!» — деди эл өкүлү.