Журналист Максат Анарбек жарандык активист жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова менен Орусиянын Москва шаарында маек курду. Анда Нарматова президент Садыр Жапаров социалдык тармактарда кантип колдоочуларды топтогонун жана Нарматова өзү тарапташтарынын арасынан эмне себептен кетип калганы тууралуу айтып берген.

«Эски саясатчылардан чарчадым, Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн билимдүү, таза жаштар керек»

Нарматова Садыр Жапаров түзгөн «Мекенчил» партиясында мүчө болууга Жапаровдун чакыруусу менен келгендигин билдирди. Аталган партияда ал 2014-жылдан 2018-жылга чейин иштеген. Нарматованын айтымында, Жапаров ал учурда 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн көптөгөн жаштарды катарына кошкон.

«Садыр Нуркожоевич 2014-жылы Европада үй-бүлөсү менен куугунтукта жүргөндө, WhatsApp жана “Одноклассникиден” тайпаларды түзүп, мага окшогон активдүү жаштардын баарына “мен жаштар менен партия түзүп, 2015-жылкы парламеттик шайлоого баруу максатым бар. Эски саясатчылардан чарчадым, Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн билимдүү, таза жаштар керек” деп жазган. Ошолордун арасында мага да жазган», — дейт Нарматова.

Ошондой эле, активист Жапаровдун учурдагы колдоочуларынын 80%ы социалдык тармактардан чогулган деп эсептейт. Нарматованын айтымында, Жапаров көптөгөн WhatsApp тайпаларын түзүп, андагы эң активдүү интернет колдонуучуларын өзү менен кошо администратор кылып турган. «Ошентип Жапаров кадимкидей эле өзүнүн саясатын даават кылчу» дейт Нарматова.

Жапаров 2021-жылдын 11-январында «Коммерсантъ» орусиялык басылмасына маек куруп жатып, «WhatsApp», «Фейсбук», «Одноклассники» түйүндөрүнөн тайпаларды ачып, алар аркылуу колдоочуларды топтогонун ырастаган. Ошондой эле, Жапаров бул аракетти акыркы 10 жылдан бери жасап келгенин айтып, алтургай Кыргызстанда «үчүнчү революцияны социалдык тармактар аркылуу жасаганын» билдирген.

Нарматова Жапаров ага 2014-жылы фуйсбук мессенджери аркылуу жазганын белгилеген. Ал учурда активист Ош шаарында жашап, маалымат агенттигин жаңы ачып, журналистика менен алектенип жүргөн.

«“Карындашым, сенин ушул фейсбукта жазып жаткан пикирлериңе кошуламын. 2010-жылы ачып койгон “Мекенчил” деген партиям бар ошого келип кошулуп, тең төрайым катарында иш алпарсаң болот” деп жазган. Жапаров жазганда таң калганмын, “бул киши ким?” деп ата-энемден сурасам, аны “Кумтөр” маселесинде тааныйт экен, жакшы эле киши колдосоң болот дегенинен, анын партиясына кошулуп калганмын», — деди Нарматова.

«Мекенчил» менен «Бүтүн Кыргызстандын» урааны бирдей

«“Мекенчилден” кетип, “Бүтүн Кыргызстан” партиясына кошулгандыгымдын 1-себеби, “сиз жакшы президент болдуңуз” деп Жээнбековду мактап, эптеп эле түрмөдөн чыгуу үчүн ар кандай ыкмаларга баргандыгы мени ирээнжитти. 2-себеби “Мекенчил партиясынын колдоочулары Сооронбай Жээнбековду колдосун” деп айтып, партиянын ичинде жалгыз өзү чечим чыгаргандыгы мага окшогон партиянын мүчөлөрүнө жакпай калды», — деп түшүндүрдү Нарматова.

Активисттин айтымында, Садыр Жапаровдун буга чейинки «Мекенчил» партиясындагы идеологиясы «Бүтүн Кыргызстанда» бар болгондугу үчүн партияны алмаштырган.

Ошондой эле, Нарматова учурдагы президент Садыр Жапаровдун карманган принциптери өзгөрүп кеткендигине байланыштуу аны колдобой тургандыгын белгиледи. Анын айтымында, ал билген мурдагы Жапаров учурдагы Садыр Жапаровго каршы келет.

«Жапаров эгер чын эле өзү айткандай Кумтөрдү Кыргызстанга кайтарып, дүйнөлүк соттон утуп алып, 3,5 долларды Кыргызстанга кайтарып, биздин экологиябызды тазалатып, Кытайдын карызын төлөп, Жерүй, Иштамберди алтын кендерин кыргыздын пайдасына иштетип койчу болсо, анда мен биринчилерден болуп кол чапмакмын, мына Жапаровду ушул үчүн колдогонмун деп. Тилекке каршы өзүнүн позициясына өзү каршы туруп жатат», — дейт ал.

Өткөн жылдын 10-октябрында Садыр Жапаровдун талапкерлиги премьер-министрлик кызматка каралып жатканда «“Кумтөрдө” алтын калган жок» деп айткан болчу. Ал эми УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев Жапаровдун бул сөзүн сынга алып, «кийинки 10 жылда “Кумтөрдү” кайтарып берүү тууралуу сөздөр жалган болгон. Документтер боюнча “Кумтөрдө” азыр 300 тоннадан 500 тоннага чейин алтын бар» деп айткан. Ошондой эле, алтын казуу боюнча адистер да муну ырасташкан.

Өткөн жылы төрт жарандык активист «Кумтөр» кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын топтоону мыйзамсыз деп таанууну талап кылып сотко кайрылган. Андан соң Октябрь райондук соту 2021-жылдын 7-майында «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен. 17-майда УКМК Кумтөр компаниясынын кеңселеринде тинтүү жүргүзгөн. Жогорудагылардын баарынан улам Centerra Gold Inc.Кыргызстандын өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражга кайрылган.

«Президенттин адашууга акысы жок»

Нарматова Садыр Жапаров лидер катары карапайым калкка туура эмес көрсөтмөлөрдү бергенге жана «адашканга акысы жок» деген пикирде. Анын айтымында, Жапаров «коронавирусту уу коргошун менен дарылайм» жана «казино адал» деп айткандары, аны колдоодон баш тартууга дагы бир себеп болду.

Активист буга чейин фейсбук баракчасына анын апасы рак илдетине кабылып, медицинадан дабаа таба албагандыктан, элдик ыкмаларга кайрылгандыгын жазган болчу. Мындан сырткары, ал апасын Жапаровдордун сунушу менен уу коргошун менен дарылоого аракет кылгандыгын айтып, бул туура эместигин белгилеген.

«Апамдын уу коргошун ичүүсүнө Жапаровдордун тиешеси бар. Жапаровдун бир тууган иниси үйүнө конокко чакырып, ошол жерде Нуркожо ажы [Садыр Жапаровдун атасы — ред.] уу коргошунду ичүүнүн жолдорун айткан. Апама бир жарым ай ичирдик, бирок Мосвага келгенде абалы начарлап кетти. Ошондо врачтар “туура эмес кылдынар” деди, “эгерде рак илдетин ушинтип айыктырчу болсо, 30-40 жылдап илим жактагандар айыктырып койбойт” беле дешти», — дейт Нарматова.

«Бул эмне деген чабалдык, эмне деген түркөйлүк?»

Жарандык активист менен Максат Анарбек Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу да кеп кылышты. Анда Нарматова УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин «чек арада жаңжал болоорун билгенбиз» деген билдирүүсүн сынга алып, «билип турсаң 36 өмүрү сактап калуу мүмкүн беле?» деген суроо салды.

«Мисалы бизге окшогон оппозициянын артынан күндүр-түндүр WhatsAppтагы жазышууларын, телефондору менен кошо укканга алардын мүмкүнчүлүгү жетет дагы, биздин 36 жараныбыздын өмүрүн алгандарды текшерүүгө алардын мүмкүнчүлүгү жетпейби? Бул эмне деген чабалдык, эмне деген түркөйлүк?! Билип туруп ошол жерден журтташтарды көчүрүп койбогону, билип туруп бизди жер каратып койгону [...] тарых алдында жоопкерчиликке тартылат деп эсептейм, анткени бул кылым бою кечирилгис катачылык болуп калды», — деп белгиледи Нарматова.

2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон. Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана өлкөбүздү коргогон үч аскер кызматкери бар. Дагы 154 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Тема боюнча: