«Ууланып бүттүк». Аламүдүндүн жашоочулары канаттуулар фабрикасын жабууну талап кылышты

9-сентябрда Аламүдүн районунун Садовое, ГЭС-3 жана Үчхоз айылдарынын тургундары митингге чыкты. Митингчилер тоок кыгынын жытынан улам МIКО канаттуулар фабрикасын жабууну талап кылышты.

Буга чейин алар Чүй облустук администрациясынын имаратына чогулууну жана талаага төгүлгөн тооктун кыгын ошол жерге алып келүүнү көздөшкөн.

«Көйгөйдү чиновниктер жеткирүү үчүн тооктун кыгын облусттук администрациясына алып барабыз», — дешкен тургундар.

Садовое айылынын квартал ашчысы Светлана Чебыкинанын айтымында, канаттуулар фабрикасынын ээлери тооктун кыгын айдоо аянттарына жер семирткич катары колдонушат, анын кесепетинен аймакты каңырсыган жыт каптаган.

«Бизди көп жылдан бери ууландырып келишет, балдарыбызга таза аба жетпейт. Каңырсыган жыттын айынын адамдар астма, аллергия оорусу менен ооруп башташты. Тиешелүү органдарга кайрылдык, бирок эч кандай реакция жок. Алар “Эми ал деген кык да” дешет. Фабриканын ээси кыкты чыгарууга убада берип, бирок эч нерсе кылбайт. Мындан эки жыл мурда чогулуш болгон. Бул сегиз жылдан бери көйгөй болуп келет», — деп айтып берди ал 24.kg’ге курган маегинде.

Кийин митингчилерге канаттуулар фабрикасынын ээси Эдил Макешов чыгып жолугуп, фабриканын аймагында канаттуулар үчүн крематорий бар экенин билдирген. Ал тургундар өлүктүн жытын сезбеши үчүн бийик түтүк орнотууну убада берди.

«Дүйшөмбүдөн тартып кыкты алыс жакка төктүрөм. Көптөн бери өзүм деле пландап жүргөм», — деген Макешов.