Жумгал: Эпкин — Баш-Кууганды унаа жолун кытай компаниясы салат

Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолунун Жумгал районундагы Эпкин — Баш-Кууганды тилкесин China Railway No. 5 Engineering Group Co. Ltd кытай компаниясы курат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги маалымдады.

Министрликтен тендердин жыйынтыгы 8-сентябрда чыкканын, ал эми аталган компания жеңүүчү аталганын билдиришти. Жол салуу иштери октябрь айында башталат. Анткен менен курулуш иштерине казынадан канча каражат кетерин маалымдашкан жок.

«Ушул аптанын аягында тендерден уткан China Railway No. 5 Engineering Group Co. Ltd компаниясы жана Gentek кеңеш берүү компаниясы менен биргеликте жалданма компаниянын кызматкерлеринин жайгашкан жерин аныктоо үчүн жер-жерлерди кыдырып, жабдууларды жана материалдарды сактоочу лагерди түзөт», — деп жазылат министрлик тараткан маалыматта.

Жамгалдын тургундары дал ушул Эпкин — Баш-Кууганды жолу төрт жылдан бери салынып бүтпөй жатканына нараазы болуп митингдерге чыгып келишет.

Акыркы акция 21-июлда өткөн.

Нааразычылык акциясына чыккан тургундар өкмөткө «бир жуманын ичинде жолдун курулушу башталсын» деген талапты коюп, эгер бул талап аткарылбаса анда «көмүр өткөрбөйбүз» деп билдиришкен.

Жумгал районундагы Эпкин — Баш-Кууганды жолу. 

Бир тараптуу жокко чыгарылган келишим

Жумгал районун жолу Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна кирет. Ал жол Азия өнүктүрүү банкынын эсебинен, 2019-жылы курула баштаган. Жолду италиялык Todini Costruzioni Generali Company компаниясы куруп жаткан.

Бирок кыргыз өкмөтү аталган компания менен болгон келишимди 2020-жылы бир тараптуу токтоткон. Буга тендерлерди өткөрүүдө коррупциялык схема аныкталганы себеп болгон.

2018-жылдын декабрь айында транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунунун бир бөлүгү болгон Эпкин — Дыйкан жолунун курулушу боюнча тендерде жеңишти камсыздап берүүнү 520 миң долларга баалап, кармалганга чейин 120 миң доллар алган.

2019-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Азимкан Жусубалиевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыраткан. Соттолгондон 3 ай өтпөй Биринчи май райондук соту Жусубалиевдин ишин кайрадан карап, жаза мөөнөттүн эки жылга кыскарткан.

Тема боюнча дагы окүңуз:

«Жумгал аркылуу көмүр ташыйсыңар, жолун оңдоого кудуретиңер жетпейби?» — Нааразы эл жол тосту

«Жол көйгөйү — айтылып бүткүс дастан». Жумгалдыктарды түйшөлткөн 70 чакырым жол