«550 миң доллар». БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов алдамчылыкка шектелип кармалды

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимов «ири өлчөмдөгү алдамчылыкка» шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 11-сентябрда кабарлады.

Маалыматына ылайык, алгач атайын кызматка «А.Д.» аттуу жаран арыз менен кайрылып, Эшимовго карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээси Эшимов «Кыргызстан» партиясынын лидери менен алдын ала сүйлөшүп берүү үчүн андан 550 миң доллар алганын жазды.

Жабырлануучунун айтымында, ал бул каражаттарды 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо аталган партиянын тизмесинде «биринчи бештикке кирүү үчүн» берген. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы көптөгөн мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылган.

«Өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай, БШКнын мүчөсү жана партиялардын биринин лидери 300 миң долларды кайтарып, калган 250 миң долларды ыйгарып алган», — деп берилет УКМКнын маалыматында.

Башкы прокуратура Эшимовго «Алдамчылык» беренеси менен шектелип жатканы тууралуу билдирме берип, ал эми Биринчи май райондук соту аны УКМКнын тергөө изоляторуна киргизди.

Акылбек Эшимов 2016-жылдан тарта Боршайкомдун мүчөсү. 2021-жылы БШКнын мүчөлүгүнө Эшимовдун талапкерлигин «Кыргызстан» фракциясы сунуштаган. Ал Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында «Республика» партиясынан депутат болгон.