«Менде баары жакшы». Активист Орозайым Нарматова коё берилди

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан кармалган активист Орозайым Нарматова коё берилди. Коомчулукта жаралган нааразычылыктардан кийин министрлик «Нарматова иште күбө катары өтүп жатат» деп позициясын өзгөрттү.

Ал эми Нарматова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына пост жазып, «баары жакшы» экенин айтып, таңга маал кайрадан Москва шаарына учуп кетээрин айтты. Ошондой эле активист тергөө иштерин ачыктабоо боюнча кол койгонун жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.

«Урматтуу мекендештер! Мага колдоо көрсөтүп, көңүл айтып, чындык үчүн бир болгонуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем! Азыр мени атайын кызматкерлер туугандарымдын үйүнө алып келишти [...] Буйруса эртең кененирээк айтамын. Кудайым ыраазы болсун баарыңыздарга! Сиздерди кыжаалатка салганым үчүн кечирим сураймын», — деди ал.

Активист бошотулганы кабарлангандан кийин ИИМдин алдында Нарматованы колдоп чыккандар тарай баштады.

Активисттин кармалышы, коомчулуктун кескин реакциясы

Орозайым Нарматова 10-сентябрда таңкы саат беште Ош эл аралык аэропортунан кармалып, Бишкек шаарына унаада алып кетилгени белгилүү болгон. Активист Ошко агасынын сөөгүн алып келип, жерге берип, кайра Орусияга кайтып жатканда кармалган.

Бул коомчулукта кескин түрдө нааразычылык жаратып, бир катар депутаттар, саясатчылар Нарматованы колдоп чыгышты. Ош ОИИБдин жана ИИМдин имаратынын алдында активистти колдоп чыккандар митингдерди өткөрүштү.

Алгач ИИМ Нарматованы ачык эле бийликти сындап жүргөнү үчүн кармалды деп билдирди. Ага «Улуттар аралык, рассалык, этносттук, диний багытта кастыкты козутуу» беренеси менен айып тагылган болчу.

Орозайым Нарматова өзүнүн соцтармактагы баракчаларынан бийликтин аракетин активдүү сындап келет. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен барган.

Ага чейин ал учурдагы президент Садыр Жапаров негиздеген «Мекенчил» партиясынын тең төрайымы болгон. Нарматова «Клоопко» берген интервьюсунда анын партиядан чыгып кетүүсүнө башка мүчөлөр ошол кезде президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбековду колдоп кеткени себеп болгонун айткан.

Бийликтин эскертүүсү

Үстүбүздөгү жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «президент жана кызматта турган кишилерди сындагандар» жоопко тартыла тураганын билдирген. Ташиевдин айтымында, учурда коомчулукта «радикалдаштыруу» жүрүп, мамлекеттик төңкөрүшкө «үндөгөндөр» да бар — УКМК алардын баарын «каттоого алып жатат» деген Ташиев.

«Азыр өлкөнүн ичиндеги жана чет өлкөдөгү ар бириңер жазылып, ар бириңерди каттоого алып жатабыз. Ошондой эле азыр чет өлкөдөгүлөрдү бул жака алып келүү боюнча башка өлкөлөр менен келишим түзүлүп жатат. Ошондуктан урматтуу жарандар, токтоткула! Коомчулукту радикалдаштыруунун, төңкөрүшкө чакыруунун кереги жок. Мунун жыйынтыгы аянычтуу болуп калышы мүмкүн», — деп эскерткен ал.

Анткен менен Ташиевдин бул билдирүүсү соцтармактарда кескин сынга алынып, ал эми юристтер «өлкө башчысынын дарегине айтылган негативдүү билдирүүлөрдү талдоо УКМКнын иши эмес» деп айтышкан.

Тема боюнча:

«Агасынын тажыясына келген». Ош аэропортунда Орозайым Нарматованы кармап кетишти