Бишкек: Автожол колледжинде адамдардын башына асма шам кулады

Бишкекте Автожол колледжинин жыйындар залында адамдардын башына асма шам кулап түштү. Бул тууралуу окуянын күбөсү Өмүрбек Сатаев фейсбук барагына жазды.

Анын айтымында, окуя 13-сентябрда болжол менен күндүзгү саат 10:00дө болгон. Жыйындар залында адам көп болчу.

«Эл абдан көп болчу, мен жабыркаган эки адамды — бир аялды жана жаш баланы көрдүм. Өспүрүм өзүн жаман сезип, ылдый эңкейип отурган», — деп окуянын чоо-жайын Сатаев Kaktus.media басылмасына айтып берди. 

Ал жабыркагандарга тез жардам чакыртылып, медиктер биринчи жардам көрсөткөнүн кошумчалады. 

Ал эми колледждин администрациясы асма шам кулаган жерде адамдар болгон эмес деп билдирди

Алардын айтымында ата-энелердин бирине жана студент жигитке айнектин чачырандысы тийген. 

«Жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Ооруканага жаткыруу талап кылынган жок», — деп такташты окуу жайдан. 

Ошондой эле, колледжден кырсыкты иликтөө үчүн комиссия түзүлгөнүн белгилешти. 6-8 килограммдык асма шамдын кулап кетишинин себеби аныкталып жатат.