Ош: Пара алууга шектелип ЖОЖдун окутуучусу менен мектеп мугалими кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Материал 14.09.21 саат 16:20да жаңыртылды

Ош шаарында эки мугалим пара алууга шектелип кармалды. Алардын бири Киров мектебинин мугалими, ал үй камагына чыгарылды. Кармалгандардын экинчиси ОшМУнун окутуучусу экени айтылды, ушул тапта убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ноокат районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, уулун ОшМУга өткөрүү үчүн алып барганда мугалимдердин бири 1200 АКШ долларын талап кылган.

Шектүү арыздануучудан аталган сумманын 40 миң сомун алуу учурунда колго түшкөн. Текшерүү учурунда акча мугалимдин жанынан чыккан.

Кармалган мугалим көрсөтмөсүндө арызданган жарандан уулун жогорку окуу жайга өткөрүү үчүн 1200 АКШ доллар сураганын тастыктаган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, «Мыйзамсыз сый акы алуу» беренеси менен иш ачылды.

Ушундай эле арыз менен Ош шаарынын дагы бир тургуну арызданган. Ал арызында шаардагы Киров мектебинин мугалими баласын мектепке киргизүү үчүн эки миң сом талап кылганын айтып берген.

Милициянын маалыматына ылайык, аталган сумма кармоо учурунда шектүүнүн жанынан чыккан. Ош ШИИБи мектеп мугалими аял киши болгону жана балдары бар экенине байланыштуу үй камагына чыгарылганын айтышты.

Анткен менен ОшМУнун басма сөз кызматы ШИИБдин маалыматын четке какты. Алар милиция берген инициалдардагы киши «университетте иштебейт» деп ишендиришти