Кара-Кулжада жанын кыйган кош бойлуу өспүрүм кыздын иши боюнча сот өкүмү чыкты

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Кулжа райондук соту 15 жашар кызды боюна бүтүргөн 19 жаштагы кишини 7,5 жылга эркинен ажыратты. Аталган өкүм үстүбүздөгү жылдын 17-мартында чыккан.

Эмне болгон?

Ош шаарындагы мектептердин биринде окуган өспүрүм кыз 2020-жылдын 25-августунда үйүнөн чыгып, дайынсыз жоголгон. Ал эми 17-сентябрда анын сөөгү Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылындагы каналдан табылган.

Кийинчерээк кыз кош бойлуу экени жана өз жанын кыйганы аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун ата-энеси Орусияда эмгек миграция жүргөнү белгилүү болгон. Ал эми өспүрүм 3-класстан бери таятасынын колунда тарбияланып келген. Бирок окуу пандемияга байланыштуу онлайнга өткөндөн кийин ал Кара-Кулжадагы тайкесинин үйүнө кеткен.

Сот өкүмүнө ылайык, 2020-жылдын июнь айында өспүрүм кыздын тайкесинин уулу ал 15 жашта болгонун билип туруп, «аны менен жыныстык катнашка барган». Андан кийин кыз кош бойлуу болуп калганы билинген.

Милиция «Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин баштап, 19 жаштагы кишини кармаган. Ал эми Кара-Кулжа райондук соту аны тергөө изоляторуна киргизген.

«Баламды камап коюшат, боюңдан алдыралы»

Соттук отурумда айыпталуучу күнөөнү мойнуна алып, көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Ал эми маркумдун тай эжеси июлда кыз бир айлык боюнда бар экени аныкталгандан кийин айыпталуучу маркумга «боюнан алдыруу үчүн акча бергенин» айтып берди.

Сот отурумунда кыздын апасы коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам Кыргызстанга өз убагында кайта албай калганын белгилеп, айыпталуучуга «эң жогорку жаза берүүнү» өтүнгөн.

Анткени, кызы ага айыпталуучунун апасы чалып «баламды камап коёт, экөөңдү үйлөндүрө албайбыз, боюңдан алдыралы» деген сөздөрдү айткан дейт.

Ал эми маркумдун атасынын айтымында, кызы ага телефон аркылуу байланышып тууганынан «мажбурлоо жолу менен» боюнда болуп калганын айтып берген. Андан кийин кызга баланын ата-энеси чалууну уланткан. Көп өтпөй кыз дайынсыз жоголуп кеткен.

*Жашы жете электерди зордуктоо үчүн 10 жылдан 12,5 жылга чейин камоо жазасы каралган. Ал эми «Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренесинин жазасы жеңилирээк — бул берене менен күнөөлүү деп табылгандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышат.

Анткен менен сот отурумунда айыпталуучунун апасы уулун кызга үйлөп коюу тууралуу сүйлөшүүлөр болгонун, бирок ага чейин кыз каза болуп калганын айтып берген.

Сот айыпталуучуну «Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси менен күнөөлүү деп тапты. Ошол эле маалда судья кыз өз жанын кыйганын эске алган жок. Жада калса сот өкүмүндө да бул тууралуу маалымат камтылган эмес. Ал эми айыпталуучуга минималдык жаза берилген.

Судья айыпталуучу «күнөөнү толугу менен мойнуна алып, чын дилден өкүнгөнүн» белгилеп, ошондой эле анын «инсандыгын, жаштыгын жана мурда соттолбогондугун» эске алып, буларды жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдай деп тапты.

2020-жылы жашы жете элек балдарга карата жалпысынан 1 101 кылмыш иши катталган. Анын 150дөйү жыныстык мүнөздө болгон.