Алдамчылыкка шектелген Нарындын мэри эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы алдамчылыкка шектелип кармалган Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулганын билдирди.

Буга байланыштуу чечимди сот 20-сентябрда Башкы прокуратура башкармалыгынын прокурорунун өтүнмөсү боюнча кабыл алды.

Болобековго карата эч жакка кетпөө тууралуу тил кат сотко чейинки өндүрүш аягына чыкканга чейин колдонулат.

«Ал тергөө органдарынын, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун уруксаты жок туруктуу же убактылуу жашаган жеринен чыгып кетпөөгө, сотко чейинки өндүрүшкө жана иштин сотто тергелишине тоскоолдук жаратпоого, чакырылганда келип турууга милдеттендирилди», — деп билдиришти соттон.

Мындан тышкары, сот Болотбековдун туруктуу жашаган жери бар экенин жана ал үй-бүлөдө жалгыз камкорчу экенин белгилеген.

Болотбеков эмне боюнча шектелип жатат?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбековду 18-сентябрда кармаган, ал өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка аралашууга шектелип жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча Болотбеков парламенттин экс-депутаты Руслан Чойбековдун ишине катыштыгы бар. Чойбеков 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодо алдоо жолу менен ири өлчөмдө акчаны ыйгарып алууга шектелип кармалган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Чойбеков өзүнө каршы арыз жазган адамдан депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар алып өзүнө ыйгарып алган.«Муну менен арыз жазган адамга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген», — деп белгилешкен УКМКдан.

Арыз ээсинин аты-жөнү ачыкталган жок.Самарбек Болотбеков 2021-жылдын 11-июнунда Нарын шаарынын мэри болуп шайланган. Ага чейин Бишкектин Свердлов районунун акими болгон. Бул кызматта ал 2016-2019-жылдары иштеген. Аким болуп дайындалганга чейин Бишкек мэриясына караштуу Жеке турак жай куруу департаментинин жетекчиси болуп эмгектенген.

300 миң долларды ыйгарып алуу иши

УКМК 11-сентябрда алдамчылыкка шектеп БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимовду кармаган. Анда мамкомитет Эшимов «Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин бири менен талапкерлердин биринен 550 миң доллар алганын билдирген.

Акча талапкердин ысымын 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо аталган партиянын тизмесинде биринчи бештикке кошуу үчүн алынган.«Эшимов менен партиянын лидери өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай, 550 миң доллардын 300 миңин кайтарып берип, калган 250 миң долларын өздөрүнө алып калган», — деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Башкы прокуратура Эшимовго «Алдамчылык» беренеси менен шектелип жатканы тууралуу билдирме берген. Андан кийин ал кармалып, тергөөнүн аягына чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Ал эми 16-сентябрда парламенттин экс-депутаты Руслан Чойбеков кармалганы белгилүү болгон. Чойбеков кармалганда УКМКнын басма сөз кызматы экс-депутат 2020-жылкы парламенттик шайлоонун алдындагы үгүт кампаниясынын жүрүшүндө алдамчылык фактысы боюнча шектелип жатканын маалымдаган. Чойбеков дагы УКМКнын тергөө абагында.