УКМК: Нарын шаарынын мэри алдамчылыкка шектелип кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Нарын шаарынын мэрин «алдамчылыкка» шектеп кармады. Бул тууралуу атайын кызмат 18-сентябрда маалымдады.

Маалыматка ылайык, калаа башчысы мурдагы депутат Руслан Чойбековдун ишинин алкагында кармалды.

*Чойбеков мындан үч күн мурун 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо депутаттык мандат үчүн талапкерлердин биринен 300 миң доллар алып, өзүнө ыйгарып алган деген негизде камакка алынган болчу.

«Нарын шаарынын мэринин бул ишке катыштыгы бар. Ал «Ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп билдирди УКМКдан.

Атайын кызмат шектүүнүн аты-жөнүн С.Б. деген инициалдар менен берген. Бул инициалдар Нарын шаарынын азыркы мэри Самарбек Болотбековго туура келет. Болотбеков аталган кызматка үстүбүздөгү жылдын 11-июнунда шайланган. Ага чейин ал Свердлов районунун акими болуп турган.

Депутататтык мандат үчүн акча алып, өзүнө ыйгарып алуу иши

16-сентябрда экс-депутат жана «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Руслан Чойбеков «Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык» беренеси менен шектелип кармалган.

УКМКнын маалыматына ылайык, Чойбеков депутаттык мандат үчүн арыздануучудан 300 миң доллар алып өзүнө ыйгарып алган жана арыз жазган адамга өзгөчө ири өлчөмдө зыян тийгизген.

Мурдарак УКМКнын кызматкерлери ушундай эле шек менен БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимовду кармашкан. Эшимов жана «Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин бири 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодо тизмеде «биринчи бештикке киргизип берүүнү» убадалап, талапкерлердин биринен 550 миң доллар алган.

«Өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай, БШКнын мүчөсү жана партиялардын биринин лидери 300 миң долларды кайтарып, калган 250 миң долларды өздөрүнө ыйгарып алган», — деп билдиришкен УКМКдан.

Тема боюнча:

БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов эки айга камакка алынды

УКМК:«Кыргызстан» партиясынын мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды