«Салык төлөсүн». Депутаттар «Яндекс.Такси» сервисин жабууну талап кылышты

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 21-сентябрдагы жыйынында «Яндекс.Таксини» салык төлөтүп же компанияга Кыргызстанда иштөөгө тыюу салуу керектигин билдиришти.

«“Яндекс” Кыргызстандын аймагында элдин эсебинен миллиондорду таап жатат. Бул жактан өкүлчүлүгүн ачышсын. Эгерде болбосо аларды жабыш керек», — деди парламенттеги «Бир Бол» партиясынын депутаты Улугбек Ормонов.

Парламенттин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында сол жакта Улугбек Ормонов, оңдо Акыл Кемелов. Жогорку Кеңештин сайтындагы түз эфирден скриншот.

Ал Казакстанды мисал келтирип, коңшу өлкөдө «Яндекске» бюджетке салык төкпөй иштегени үчүн сот чечими менен тыюу салынганын айтты.

Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев ведомство бул маселени компаниянын өкүлдөрү менен талкуулаганын билдирди.

«“Яндекс” компаниясы менен сүйлөшүү жүргүздүк. Алар макулдугун билдирди. Алар өзүнүн мобилдик тиркемесине айдоочулар үчүг электрондук патентти киргизет. Патенти жок айдоочуларга чектөө коёт, алар адам ташый албай калат. “Яндекс” даяр экенинД, жакын арада талапты киргизерин, ошол эле учурда мындай талапты бардык такси компанияларына бирдей кылып берсеңер деп айтты», — деди Догоев.

Бирок, депутаттарды мындай чечим канааттандырган жок.

«Бул чечим эмес. Биз патент жок болсо колдонмо бербейбиз деп, биздин жарандарга [салык] төлөтүп жатабыз. “Яндекстин” өзү Кыргызстандан миллиондорду алып чыгып кетип жатат. Алардын өзүн салык төлөтүш керек», — деп билдирди Ормонов.

Аны «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Акыл Кемелов дагы колдоду. Кемелов чечкиндүү кадамдарга барып, «Яндексти» жаап салууга чакырды. Анткени мында мамлекет чыгым тартпайт.

Ошондой эле депутат өкмөткө таксисттер үчүн «Яндекс» сыяктуу атамекендик колдонмо иштеп чыгууну сунуштады.

Андан тышкары, Кемелов Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматы менен бирге «Яндекске» чара көрүүгө чакырды.

«Тыгын маалында, такси кызматына муктаждык көп болгон учурда [Яндекс] бааларын өтө жогору коюп жатат. Баягы “түшпөй кайда барат” деген мамиле кылып жатат. Ошондуктан такси кызматы бааларды өтө жогору койбошу үчүн чара көрүү керек», — деп кошумчалады ал.

Кыргызстандагы «Яндекс» сервиси

«Яндекс» – бул такси кызматы эмес, маалыматтык сервис. Ал Кыргызстанда 2017-жылдан тартып иштей баштаган, өзү Нидерландыда каттоодон өткөн.

Сервистин өзүнө таандык айдоочулары жана унаалары жок. Ал жергиликтүү өнөктөш-таксопарктар менен иш алып барат. Алар өз кезегинде айдоочулар менен кызматташат.

2021-жылдын февраль айында таксисттер аталган сервиске каршы митингге чыккан. Алар сервистин ички саясатына жана «Яндекстин» «мамлекетке салык төкпөгөнүнө» нааразы болушкан. Өкмөт үйүнүн алдына 20 чакты машина чогулуп, «Яндекс кетсин» деген талабын айтышкан.

шкектеги таксисттердин митинги. Скриншот

Бирок Мамлекеттик салык кызматы чет элдик компаниянын ишинде эч кандай мыйзам бузуу жок экенин билдиришкен.

Салык кодексине ылайык, салыкты «Яндекстин» жергиликтүү өнөктөш-компаниялары төлөшү керек. Тагырак айтканда, жергиликтүү таксопарктар. Алар «Яндекс» тиркемесин колдонгону үчүн нерезиденттин кирешесине 10% салык төлөөгө тийиш.