Бажы кызматы: Кытай компаниясы алтын концентратын мыйзамдуу чыгарып кеткен

Бажы кызматы депутат Аккулу Бердиевдин «ГИК Кайди» кытай компаниясы 17 фура алтын концентратын мыйзамсыз чыгарып кеткени тууралуу билдирүүсүн төгүндөдү. Бажы кызматынан бардыгы мыйзамдуу болгонун жана компаниянын лицензиясы бар экенин билдиришти.

Ведомстводон концентратты алып чыгуу жана киргизүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алынган лицензия болгон учурда гана мүмкүн деп түшүндүрүштү. Мындай лицензия «ГИК Кайди» ААКга 26-августта берилген.

«Демек, жогоруда көрсөтүлгөн чечимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан флотациялык концентратты чыгарууга байланышкан бажы операциясы жүргүзүлдү», — деп билдиришти Мамлекеттик бажы кызматынан.

Бердиев эмне жөнүндө айтты?

Кыргызстандан 17 фура алтын концентратын чыгарып кетүүгө аракет кылып жатканын депутат Аккулу Бердиев үстүбүздөгү жылдын январь айынын башында эле айтып чыккан. Анын айтымында, фуранын ар биринде Чоң-Алай районундагы Алтын-Казык кенинен казылган 4 тоннадан чийки зат жүктөлгөн.

Аккулу Бердиев. Сүрөт: Парламенттин басма сөз кызматы

Анда ал концентрациялык жүктү Кытай менен чектешкен «Эркечтам» өткөрмө пункту аркылуу чыгарып кетүү аракети болгонун билдирген. Ал жүктү финполдун кызматкерлери кармап алып иш козгошконун, бирок азырынча сот чечими жоктугун айткан. Бердиев органдардан тез арада чара көрүүнү талап кылган.

Ал эми бажы кызматы контейнерлерге жүктөлгөн концентрат бажы көзөмөлүндө турганын айтып жооп берген.

«Кытайга кирген жок. Жүк ташуучу унаага жүктөлгөн эмес, контейнерлер бажы көзөмөлүндө турат. Азыркы тапта сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат, бүткөндөн кийин чечим кабыл алынат [жүктүн тагдыры чечилет]», – деген анда бажы кызматы.

Андан кийин Бердиев бул маселени 22-сентябрда парламенттин жыйынында дагы көтөргөн. Ал «ГИК Кайди» компаниясы Кыргызстандан 17 фурага жүктөлгөн алтын концентратын чыгарып кеткенин билдирген. Анын айтымында, бажы кызматы алтын концентраты Өзбекстан менен чектешкен «Достук» көзөмөл-өткөрмө пунктунан чыгарылып кеткенин тастыктаган.

«Кечээ эле бул маселени комитетте талкууладык. “Кайди” [“ГИК Кайди”] компаниясынын Алтын-Казык кенин казууга лицензиясы токтотулган. Өткөн жылы “Эркечтам” өткөрмө пунктунда алтын концентраты жүктөлгөн 17 фура кармалган. Анда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы текшерип баштаган. Бирок бүгүн компанияны алтынды чыгарып кетүүгө үлгүргөнүн билип отурам», — деген эл өкүлү.

Депутат муну коррупция менен байланыштырып, текшерүү жүргүзүүнү талап кылган.

«Министр, бажылардын деңгээлиндеги коррупция токтобой жатат. Ал иш сотто экенине карабай "Кайди" компаниясы коррупциялык жолдор менен эскирген лицензиясын жаңылап алыптыр. Бажы кызматынын башчысы Самат Сатаровичке чалсам "мен билбей калыптырмын, балдар чыгарып жибериптир. "Эркечтамдан" эмес, "Достуктан" өткөрүп поездге жүктөп кетиптир" дейт. Мындай боло берсе мамлекет оңолушу кыйын болот», — деген Бердиев.

Анын айтымында, бул схеманын айланасында чоң акча жүгүртүлөт, ал эми чыгарылып кеткен концентраттын болжолдуу суммасы 253 миң долларды түзөт. Депутат башкы прокурор Курманкул Зулушевден муну тыкыр текшерүүнү суранган.

Жакында эле Өнөр жай отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу боюнча комитеттин мүчөлөрү депутат Аккулу Бердиевдин сунушу менен «Кайди» компаниясынын ишмердигин жана Чоң-Алай райондундагы Алтын-Казык кениндеги руданын камын текшере турган ведомстволор аралык комиссия түзүү чечимин чыгарышкан.